25-июлда Бишкек шаарында Компаниянын Башкы кеңсесинин жаңы имаратынын бет ачары болду

26.07.2012

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКынын Башкы кеңсесинин жаңы имаратынын бет ачары болуп өттү. Ага Компаниянын Директорлор Кеңешинин Төрагасы Галлямова Н.С., Директорлор Кеңешинин мүчөлөрү, Башкы менеджер Шамшиева Г.Ж., ошондой эле  ишкер өнөктөштөр жана Компаниянын кызматкерлери катышты. Жалпы аянты 4 700 кв. метрди түзгөн «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясынын жаңы имараты Бишкек шаарындагы ири кеңсе жайларынын бири болуп калды.

Бет ачарда «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКынын Башкы менеджери Шамшиева Г.Ж. өз сөзүндө буларды белгилеп кетти: “Заманбап жаңы имараттын ачылышы – бул биздин Компаниянын банкка трансформациялоо жолуна карата,  ошондой эле  жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну жана сапатты, кызмат көрсөтүүнү   эң жогорку деңгээлде көрсөтүүгө болгон биздин аракетибиздин   кезектеги кадамы. Учурда  Компания  33 миңден ашык кардарларды тейлейт, ал эми  тейлөө үчүн кенен жана заманбап кеңсе менен жаңы имараттын ачылышы – бул  болсо, жылдан жылга кардарларыбызга жеткиликтүү жана ыңгайлуу болуп бара жатканыбыздын далили.

Бул жеке долбоорду ишке ашырууда инновациялык курулуш технологиялары колдонулганы көрүнүктүү болду. Имарат өтө заманбап техника менен жабдылган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлиги тарабынан банк мекемелерине карата талап кылынган бардык талаптарга жооп берет”.

Салтанаттуу ачылышта  Компаниянын Директорлор Кеңешинин Төрагасы Галлямова Н.С. башкы кеңсенин ачылышы менен жамаатты куттуктап, буларды баса белгилеп кетти: «Бай-Түшүм жана Партнерлор» микро финансылоо рыногундагы лидерлердин бири болуп эсептелет, мында  өзүнүн социалдык миссиясын жүзөгө ашыруу жана региондогу калктын финансыга жетүүсүн камсыз кылуу менен, Компания дайыма өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеп келген. Компания азыр дагы ишенимдүү жана өзүнүн социалдык миссиясын өзгөрүүсүз  орундоодо. Жаңы конушка кирүү – бул дайыма майрам, ошондуктан биз бүгүн кардарларыбызды, өнөктөштөрүбүздү жана жөн гана досторубузду  сапаттуу тейлөө көрсөтө турган жаңы үйүбүзгө кубануу менен чакырабыз”.

Кызыл тасма кесилип, салтанаттуу ачылыштан кийин келгендер үчүн тааныштыруу экскурсиясы болду. Экскурсия алкагында кардарлардын агымын ыкчам жөнгө салууну жана бир эле убакта 200 операцияга чейин тейлөөнү камсыздай турган  AKIS Pro электрондук кезек системасы менен кардарларды тейлөө үчүн зал демонстрация кылынды, ошондой эле  кичи жана орто бизнести насыялоо үчүн зоналар каралды.