«Бай Түшүм» Банкы «Бак тигүү Күнү» акциясына катышты

08.04.2016

Бүгүн №94 орто мектепте бак тигүү күнү болуп өттү: мектеп окуучулары, алардын ата-энелери, донордук  жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү 3000 ашуун көчөт отургузушту.

Бул акциянын максаты- «Дордой-1» жаңы конушунун аймагында жайгашкан №94 орто мектептин айланасын көрктөндүрүү, жашыл инфраструктурадан турган эс алуучу ыңгайлуу парк аймагына айландыруу, коомчулуктун көңүлүн курчап турган чөйрөгө аяр мамиле жасоого буруу, ошондой эле  жаңы конуштардын комплекстүү көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгеге донордук жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүн тартуу болду.

Башкы менеджердин жетекчилиги алдында «Бай Түшүм» Банкынын өкүлдөрү бул иш-чарага активдүү катышышты.  «Бай Түшүм» Банкы калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, билим берүүнүн сапатын жана ошондой эле социалдык инфраструктураны жакшыртууга тийиш болгон социалдык багыттагы долбоорлорду дайыма колдоп келе жатат. Банк мектепке 5 жаңы компьютерди жана 2 принтерди белек катарында  тапшырды.

Бул акцияны уюштуруу демилгесин “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду  сунуштаган жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан колдоого алынган. Ушул өнөктөштүк долбоордун аркасында №94 орто мектептин аймагында күн энергиясы менен иштөөчү энерго-сарамжалдуу жарыктандыруу орнотулат, таштандыларды бөлүп салуучу челектер жана ыңгайлуулук үчүн бул аймакта отургучтар да орнотулмакчы.

Көчөттөрдү отургузууга КРнын экс-Президенти Роза Отунбаева, ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү, Бишкек шаарынын вице-мери Айгүл Рыскулова, ынтымакташ өлкөлөрдүн КРдагы элчилери, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана башка расмий адамдар катышышты.

Тактама маалымат:

 №94 жаңы мектеп 2015-жылдын октябрь айында ачылган. Долбоор боюнча ал 960 балага эсептелгени менен, анда азыр 1616 окуучу окуп жатат. Мектеп парталарга  жана башка зарыл керектүү буюмдарга муктаж.

Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө Бишкектин айланасында 250 миңден 600 миңге чейинки калк жашаган 48 жаңы конуш бар. Жаңы конуштардын көпчүлүгүндө иче турган таза суу, электр жарыгы, газ, жол сыяктуу зарыл керектүү нерселер жок. Жаңы конуштарда билим алуучу жана саламаттыкты сактоочу мекемелер жетишсиз. Жаңы конуштарда бардыгы болуп 19 мектеп курулган жана мектеп жашындагы балдардын төрттөн үч бөлүгү гана мектепке барышат. Парк аймактары, балдар жана чоңдор эс алуучу аймактар жок. Көпчүлүк учурда жаңы курулган мектептердин айланасы эс алуу аймактарына айланып кетүүдө. Бак-дарактары караманча жок, асфальт төшөлбөгөндүктөн улам чаңдуу жолдору болгон жаңы конуштардын аймагын өнүктүрүү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу зарылчылыгы  пайда болууда.