«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясынын 2011-жылдагы иштеринин жыйынтыктары

23.01.2012

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы 2011-жылы аймактардагы ишкердик иш-аракеттерине тартылган, айыл жерлеринин жашоочуларына каржыларды берүүнү  улантты. 2011-жылдын 12 айы үчүн «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК 2,61 млрд. сомдон ашык  суммада насыя берди, ушул мезгил үчүн насыялык портфелдин өсүшү 41% түздү, ал эми 11 жылдан ашык иштеген мезгил ичинде Компания тарабынан 9,7 млрд. сомдон ашык суммада насыялар берилген. Өткөн жыл үчүн айыл жерлеринде жашаган кардарлардын үлүшү 82.2% түздү.

Компаниянын ишинин маанилүү багыты, аймактардагы аял-ишкерлерди колдоо болуп саналат. Компаниянын портфелиндеги аялдардын үлүшү 44% түзөт. 2010-жылы Компания тарабынан жеңилдетилген пайыздык чени менен аялдардын бизнес-долбоорлорун каржылоо боюнча Кива атайы долбоору ишке киргизилген. Долбоордун чегинде 18 айдын ичинде 600 адам камтылды, 1 млн. АКШ долларынан ашык сумма берилди.   

Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы, микрофинансы рыногунун 20%дан ашыгын камтуу менен өлкөнүн үч ири микрофинансылык уюмдарынын катарына кирет.  Компания 11 жылдан ашык убакыттан бери айыл чарбасын өнүктүрүүгө, майда жана орто ишкердикти өстүрүүгө, биздин өлкөнүн элинин иштөө жана кирешелеринин деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүп келе жатат.  Ар бир инвестицияланган 700 АКШ доллары Компаниянын кардарларынын өздөрү иштешин камсыз кылат.

Компания үчүн насыялоонун артыкчылыктуу тармактары – айыл чарбасы, соода жана тейлөө кызматтар тармагы, ошондой эле өндүрүштү өнүктүрүү болуп саналат. 2011-жылдын 31-декабрына карата абалы боюнча айыл чарбасына берилген насыялардын үлүшү 35% түздү, соодага 44% туура келет.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК агрардык секторду колдоо максатында, айыл чарбалык техникаларды лизингге бере турган, өлкөдөгү аз эл сандагы финансылык мекемелердин бири.  2011-жылы Компания жеңилдетилген пайыздык чендер боюнча 15 млн. сомдон ашык суммага техникаларды берди.

«Жеткиликтүү лизингдик долбоорлорду өнүктүрүү жана колдоо биз үчүн 2012-жылы да артыкчылык берилген маселелерден болуп саналат. Бүгүнкү күндө аймактардагы айыл чарбалык техникалар моралдык жактан жана физикалык жактан да абдан эскирген, ошондуктан дыйкандар тарабынан чогултулган түшүмдүн көпчүлүк бөлүгү жоголуп жатат. Кыргызстандын экономикасы үчүн ушул маселенин маанилүүлүгүн түшүнүү менен өткөн жылы, анын курамына  «Бай-Түшүм» Финансылык Фонду МКА жана  «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК кирген «Бай-Түшүм» финансылык тобу жеңилдетилген шарттарда айыл чарбалык техникаларды каржылоо боюнча жаңы долбоорду ишке киргизди. Үстүдөгү жылы биз ушул долбоордун катышуучуларынын санын кеңейтүүнү пландаштырып жатабыз» – деп белгиледи «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКтын Башкы менеджери Гульнара Шамшиева.