«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкынын колдоосу менен Бишкекте биринчи жолу Startup Weekend өттү

21.11.2012

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкынын колдоосу менен 9-ноябрдан 11-ноябрга чейин өткөн Startup Weekend иш-чарасынын алкагында 15 жаңы бизнесмендер өздөрүнүн долбоорлорун Кыргызстандын, Казакстандын, БАЭ жана АКШнын эң мыкты эксперттери менен талкуулашты.

«Биздин Банк, өздөрүнүн келечектерин бизнестен көргөн жаш, активдүү жана амбициялуу адамдарды колдоого дайыма даяр. Жаш бизнес-долбоорлорду колдоо менен биз, ишкердик долбоорлорду түзө жана ишке ашыра алган, ошондой эле азыркы базар шартында бизнести натыйжалуу жүргүзө алган “жаңы” жаш жана жигердүү ишкерлердин катмарларын калыптандырууга өбөлгө түзөбүз», – деп «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы Банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева белгиледи.

Startup Weekend Bishkek иш-чарасынын катышуулары ата мекендик жана чет элдик адистердин мастер-класстарына үч күн катышышты жана бизнес-план түзүүнү үйрөнүштү. Конкурска түшкөн 164 арыздын ичинен 15 долбоор жеңишке чыкты. Жеңүүчүлөрдү бизнесмендерден, инвесторлордон жана ири компаниялардын кызматкерлеринен турган кесипкөй калыстар тобу аныктаган.

Startup Weekend жеңүүчүсү болуп, Бишкектин көңүл ачуу жана соода борборлорунда сүрөт кабиналарын орнотуу боюнча Lucky Frame долбоору болду. Бул кабиналарда бардык каалоочулар паспортко сүрөткө түшүшсө болот, ошондой эле каалаган кайсы бир маалымат алып жүрүүчүдөн сүрөттөрдү жана оригиналдуу белек открыткаларын басып чыгарышса болот. Бишкек ишкер клубунун атынан белек катары команда 2 000$ алышты.

Экинчи орунду GSS долбоору алды, анын авторлору жоголгон телефондор менен башка гаджеттерди табууга мүмкүндүк берген смартфондор үчүн кошумча тиркемени иштеп чыгууну пландашууда. Программист-авторлордун ою боюнча тиркеме, Кыргызстан шаарларынын карталарына кирүүгө мүмкүндүк берген интернет-сервистери менен интеграцияланган болот. Гаджет жоголгон учурда, тиркеме аппаратта сакталган бардык маалыматтар менен жазылган нерселерди аралыктан жок кылууга мүмкүндүк берет. USAID уюмунун колдоосу менен Эл аралык жаштар фонду долбоорду өнүктүрүү үчүн жеңүүчүлөргө 1 500$ берди.

Үчүнчү орунду Mega Service долбоору ээледи. Долбоордун идеясы, студенттерге материалды көчүрүп алууга, басып чыгарууга жана сканерлөөгө, ошондой эле окууга керектүү материалды жүктөп алууга жардам берген аппараттарды университеттерде орнотууда камтылган. Андан тышкары, электрондук китептерден маалыматтарды басып чыгарууга мүмкүндүк берген терминалдан электрондук китепканага кирүү мүмкүндүгү болот. Биринчи «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы командага белек катары 1 000$ берди.