Сиздердин жардамга муктажбыз! Кичинекей Алишерге УГУУ мүмкүнчүлүгүн тартуулайлы!

07.08.2017

Достор, бизге Нарын филиалынын кызматкери Манас Исраил уулу жардам көрсөтүү суранычы менен кайрылды. Анын бир тууганынын баласы –  Алишер Эркинбеков (2014-ж. 17-декабрда туулган) каттуу оорудан жапа чегүүдө, ал укпайт, медициналык тил менен айтканда – эки тараптуу нейросенсордук  «Сенсоневралдык каттуу кулактык».  Бирок балага жардам берүүгө болот, анын угуу мүмкүнчүлүгү бар, ал үчүн ага операция жасоо зарыл. Мындай операцияны Түркияда жасашат, операция баасы 30 000 АКШ доллары турат.

Операцияга акча чогултуу максатында баланын туугандары жана жакындары Кайрымдуулук концертин уюштуруп жатышат. Концертке Кыргыз эстрадасынын жылдыздары: Айчүрөк Иманалиева, Айбек Карымов, Динара Акулова, Аскат Мусабеков, Кенже Дүйшеева, Кубаныч Сатаев, Султан Садыралиев, Гүлжигит Калыков, Замир Чокоев ж.б. катышышат.

Концерт өткөрүлүүчү жер – Спорт ордосу,  2017-ж. 17- августта, саат 18-00.

Билеттин баасы –  300 жана  500 сом (орунга жараша)

Концертке билет алуу менен Сиз кичинекей балага Дүйнөнү угууга жардам бересиз!

Бардык суроолор менен:  0(555)75 93 13 телефону боюнча (Манас уулу Исраил)  кайрылыңыздар.

Алишердин атасынын телефону:: 0555 33 02 73 (Азис)

ЭЛСОМ: 0550 908612

Башка банктардагы эсептер:

БИК 128009

р/с 1280096040356325 (сом)

р/с 1280096040356628 (Доллар)

р/с 1280096040356527 (Евро)

р/с 1280096040356830 (Рубль)