2011-жылдын 31-декабрына чейин аманат жайгаштыруу менен жаңы жылдык акциянын катышуучусу бол!

14.11.2011

2011-жылдын 14-ноябрынан тартып 31-декабрына чейин Компанияда «Аманат ачуу менен кепилдик берилген аманат ал» деген жаңы жылдык акция башталган. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК  бүгүнкү күндө аманаттардын 4 түрүн сунуш кылат: «Бай Түшүм», «Келечек», «Урмат» жана «Урмат +». Акция мезгили ичинде аманатты жайгаштыруу, пайыздар түрүндө кирешелерди ай сайын же кардардын тандоосу боюнча мөөнөтү аяктаганда алуу мүмкүндүгүн гана бербестен, Жаңы жылга жагымдуу сыйлык алууга да мүмкүндүк берет. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» аманаттарынын дагы пайдалуулугу, бул орчундуу бир буюм сатып алуу үчүн акча топтоого мүмкүндүк бере тургандыгында, мисалы, болгону 1 000 сом сумманы салып баштоо менен квартира же автоунаа, салтанаттуу иш чараларды өткөрүүгө же ВУЗда окуу үчүн акысын төлөөгө мүмкүндүк берет. Сиздин каалооңуз боюнча биздин кызматкерлер сиз үчүн аманатты жайгаштыруунун абдан ыңгайлуу мөөнөтүн тандап беришет.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК  микрофинансылык сектордун лидерлеринин бири болуп саналат жана өлкөнүн үч ири микрофинансылык уюмдарынын арасына ишенимдүү кирет. Он жылдан ашык убакыттан бери, өзүнүн ишинде бизнести таза ачык жүргүзүү, жогорку профессионалдуулукту жана сапаттуу сервисти көрсөтүү менен «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы өзүнүн туруктуу өнүгүшүн жана ишенимдүүлүгүн көрсөтүп келет, ошондой эле анын баркы Кыргызстанда эле эмес, эл аралык рынокто да өзүнүн кынтыксыз кадыр-баркы бар уюм.