Кызматташуунун жаңы форматы Таттуу түшүмгө багытталган

01.07.2015

«Бай-Түшүм» Банкы жана «Кайыңды-Кант» ААК айыл чарба багытында иштеп жатышкан чакан жана орто бизнестин финансы ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында макулдашууга кол коюшту.

Тактап айтканда, бул жаңы долбоор Чүй облусунда кант кызылчасын өстүрүп жатышкан дыйкандар үчүн атайын максаттуу долбоор болуп эсептелет. Бул айыл чарбасындагы бүткүл процесстин катышуучуларынын нарк түзүмүндөгү бирдей шартта тургандыгын жана анын эң биринчи катышуучусу-дыйкан кант кызылчасынан жыйнаган түшүмү үчүн акыйкат баасын ала тургандыгынын  реалдуу үлгүсү.

Кыргыз фермер-дыйкандары күрөөлүк камсыздандыруунун жетишпегендигинен, сатып-өткөрүү рыногуна кенен кире албагандыгынан, товар берүүчүлөр менен кызматташуунун ырааттуу болбогондугунан жана финансы ресурстарына жетүүнүн татаалдыгынан улам  толгон-токой кыйынчылыктарга туш болушат. Фермер-дыйкандарды колдоо максатында Банк «Таттуу Түшүм» жаңы насыялык продуктусун ишке киргизди. Эми кызылчачылар күрөөлүк камсыздандырууга жөнөкөйлөштүрүлгөн талаптар менен жеңилдетилген шарттарда керектүү суммадагы  насыяны 1 күндүн ичинде эле ала алышат. Завод дыйкандар өткөргөн кызылча үчүн акчаны өз убагында  төлөөгө кепилдик  берет, бул  болсо  Банкка  насыяны кайтарып берүү боюнча тобокелдиктерди болушунча азайтууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Мындай шарт Банкка жаңы насыялык продукт боюнча пайыздык ставканы болушунча азайтууга негиз болмок.

 «Бүгүн кол коюлган макулдашуу –Банк кардарлардын бизнесинин өнүгүшүн колдоого кызыкдар экендигин дагы бир жолу далилдөөдө. Ишкер дыйкан- фермер насыялоонун кызыктыруучу шарттарын кепилдик механизмдерди колдонуу менен финансылоого жетүүнүн мүмкүнчүлүгүн гана албастан, дыйкан –фермерлерди финансылоонун инновациялык схемасын колдонуунун—кошумча нарктын ыраатын финансылоонун   аркасында дыйкандар заводго тапшырып жатышкан  кант кызылчасын өндүрүүнүн көлөмүн да кеңейте алышат, Бир жагынан алганда, көпчүлүк кыргыз фермер-дыйкандары үчүн кошумча нарктын ыраатына  интеграция маанилүү боло баштады, себеби алар  белгилүү бир айыл чарба азыгын өстүрүүгө адистешүүгө  өтүү менен, бир кыйла тажрыйбалуу да боло башташты. Ушул эле учурда дыйкан-фермер өстүргөн азыгы үчүн акыйкат баасын алышат. Экинчи жагынан, жаңы түзүлгөн евроазиялык экономикалык биримдиктин алкагында  кыргыз дыйкан-фермерлер-ишкерлери үчүн  зор рынок аймагына кошулууга жол ачылууда  жана сапаттуу азыктарды  өткөрүүнүн тажрыйбасын топтоонун мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө», – деп белгиледи «Бай-Түшүм» Банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

«Кант кызылчасын тапшыруучулардын жылдан-жылга өсүп бара жаткандыгы    дыйкан-фермерлердин бизге болгон ишеними артып бара жаткандыгын жана  өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да улантууга даяр экендиктерин  айгенелеп турат.  Бул бизди кубандырат.  Акыркы жылдардын аралыгында завод Европанын алдыңкы өлкөлөрүнөн алынган кант кызылчасынын жогорку түшүмдүү уругун реализациялап, дыйкан-фермерлерге  консультациялык  кызматтарды көрсөтүп, кант кызылчасын өстүрүүгө арналган айыл чарба мөөнөттөрүнүн стандарттары жана эрежелери  жөнүндөгү окуу материалдарын барип келишкендигин да белгилеп айткым келет. Азыр өнөктөштүктүн аркасында кызылчачылар өз бизнестерин финасылоого мүмкүнчүлүк алышты», – деп айтты  «Кайыңды-Кант» ААК заводунун Башкы директору Александр Шалюта.

Немецтик мамлекеттик Kreditanstalt für Wiederaufbau (KfW) банкы тарабынан  «Айыл аймактарында финансылоо тармагын өнүктүрүү Программасынын» алкагында насыя продуктусун иштеп чыгууга колдоо көрсөтүшкөн  «Business and Finance Consulting» GmbH и KfW компаниясы менен кызматташуунун аркасында  гана бул өнөктөштүккө  жол ачылды,

 Завод жөнүндө:

«Кайыңды-Кант» ААК бүгүнкү күндө иштеп жаткан Кыргызстандагы ак кантты жалгыз өндүрүүчү болуп эсептелет.  Заводдун кубаттуулугу суткасына   3 000 тонна кант кызылчасын иштеп  чыгара  алат. «Кайыңды-Кант» ААК Чүй облусунда жайгашкан  кызылча кабыл алуучу  8 пунктта кылчаны кабыл алууну жүргүзөт.  2014-жылы ишкана тарабынан  кант кызылчасынан  20.0 миң тонна   кант иштетилип чыккан.

«Business and Finance Consulting» (BFC) GmbH жөнүндө:

 BFC эл аралык Компаниясы  2003-жылы негизделген. Компаниянын Башкы Офиси  Швейцарияда, Цюрихте жайгашкан. BFC ишмерчилигинин  башкы багыты болуп финансы секторунун катышуучулары үчүн адистешкен консалтингдик кызматтын кеңири спектрин сунуштоо болуп эсептелет.   Компания сунуштаган чечимдер иштин натыйжалуулугун көтөрүүгө,  инновациялык тармактарды жана  технологиияларды ишке киргизүүгө жана сатып өткөрүүнүн  жаңы рынокторун өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.  BFC  өзү түзүлгөн мезгилден бери дүйнөнүн 55 өлкөсүндө 100 долбоорду ийгиликтүү жайылта алды.