«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкынын финансылык колдоосу менен Талас шаарында жаңы заманбап балдар аянтчасы пайда болду

10.12.2012

6-декабрда Талас шаарында жңы балдар аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү, анын демөөрчүсү «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы болду. Балдар аянтчасын ачуу аземине Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков, Талас областынын губернатору Койсун Курманалиева, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкынын жана райондук администрациянын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Бул аянт, Сарыгулов көчөсүндөгү 77-короо, 122-кварталындагы 360 үй-бүлө жашаган 12 көп кабаттуу үйлөрдүн арасында жабдылды. Балдар үчүн Банк тарабынан бөлүнгөн каражаттарга 6 скамейкалар, 2 кумда ойноочу жабдуулар, 5 селкинчектер, 2 тоочолор (горки) жана 3 тапчанадар (беседки) сатылып алынды.

«Банк анын курулушуна 200 миң сом бөлүп берген Талас областындагы Балдар ойноочу аянт, элдин турмушун жана шаардын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган, ийгиликтүү бүткөрүлгөн социалдык долбоорлордун бири болуп саналат. Балдар аянтчасынын пайда болушу, шаардын жана анын тургундарынын пайдасына багытталган маселелерде жана реалдуу иштерде шаардык бийликтердин жана бизнестин биргелешкен аракеттеринин ийгиликтүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү» – деп белгиледи «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкынын Башкы менеджери Г.Ж. Шамшиева.

Башка социалдык долбоорлорду иштетүүнүн чегинде «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы Чүй областындагы «Сейтек» бала-бакчасынын ачылышында жана Жалал-Абад областындагы Р.Исманалиев атындагы №33-орто мектептин жаңы кошумча окуу корпусунун ачылышында башкы демөөрчүлөрдүн бири болуп чыкты, ошондой эле Чүй областындагы «Келечек» атындагы Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү Борборунун жылуулук берүү жана канализациялык системаларын оңдоо иштерин каржылады. Ош областынын Карасуу районунда суу түтүктөрүн жана Нарын областындагы Кочкор районунун ирригациялык системасын оңдоо боюнча 2 долбоордун иштетилишин 2012-жылдын аягында аяктоо пландаштырылууда.