“Бай Түшүм” Банкы аманаттар боюнча жаңы бонустук программасын ишке киргизди

01.11.2013

“Бай- Түшүм жана Партнерлор” Банкы 2013-жылдын 1-ноябрынан баштап, жеке адамдар үчүн аманаттар боюнча жаңы бонустук программасын ишке киргизди. Бул программанын алкагында Банк кардарларга жылдык негизги пайыздык өлчөмгө бонус түрүндөгү кошумча пайыздык эсептөөлөрдү тартуулайт.

Акча каражатын “Эксклюзив” аманатына жайгаштырса жана топтосо, Банктын кардарлары стандарттуу пайыздык өлчөмгө кошумча 0,5%дан баштап 2,5%га чейинки пайыз түрүндөгү бонус алышат. Программага катышуу үчүн аманат акчанын суммасы 500 000 сомдон, же 10 000 АКШ долларынан көбүрөөк болууга тийиш.

«Экслюзив» аманаты боюнча бонустук программанын шарттары:

Суммасы Валюта 12 ай 18 ай 24 ай
 500 000 баштап

KGS

8+2%

9+2%

9+2,5%

 10 000  баштап

USD

5+0,5%

6+0,5%

6+1%

“Сиздин капитал” (“Ваш капитал”) аманатына акча каражатын жайгаштырган болсоңуз, анда Сиз стандарттуу пайыздык өлчөмгө кошумча 3- 3,5 пайыз түрүндөгү бонус аласыз. Программага катышуу үчүн аманаттын суммасы 500 000 сомдон көбүрөөк болууга тийиш.

”Сиздин капитал” («Ваш капитал») аманаты боюнча бонустук программанын шарттары:

Суммасы

Валюта

12 ай

18 ай

24 ай

500 000

KGS

8+3%

9+3,5%

10+3%

Акча каражатын “Келечек” аманатына жайгаштырсаңыз жана топтосоңуз, анда Сиз стандарттуу пайыздык өлчөмгө кошумча 0,5%дан 2%га чейинки пайыз түрүндөгү бонус аласыз. Бул программага катышуу үчүн аманаттын суммасы 300 000 сомдон, 6 000 АКШ долларынан, 200 000 орус рублинен жана 4 500 евродон жогору болууга тийиш.

Мөөнөтү жана жылдык пайыздык өлчөмү:

Сумма Валюта 12 ай 18  ай 24  ай
500 000

KGS

9+2%

10+2%

11+2%

6 000

USD

6+0,5%

8+0,5%

9+0,5%

200 000

RUB

5+0,5%

6+0,5%

7+0,5%

4 500

EUR

1+0,5%

1,5+0,5%

2+0,5%

 Аманаттардын шарттары тууралуу кеңири маалымат менен ушул шилтеме боюнча таанышсаңыздар болот.