Ушул жумада «Бай Түшүм» банкында Банкирдин жайкы мектеби старт алды

04.07.2018

Мурунку жуманын дүйшөмбү күнү өткөн биздин биринчи окуу көнүгүүлөрүбүз  боюнча фото отчетту  Сиздер менен кубануу менен бөлүшөбүз.
Банкирдин жайкы мектеби «Бай Түшүм»  – бул жөн гана мектеп эле эмес, бул андан ары ишке орношуп калуу мүмкүнчүлүгүн берген, эң мыкты практиктерден эң сонун практикалык окууларды алуунун мүмкүнчүлүгү.  Мунун баары – акысыз өткөрүлүүдө.
Жайкы мектептеги окутуу программасы  1 айга эсептелинген. Бул убакыттын аралыгында студенттер бухгалтердик эсептин жана финансылык анализдин  негиздери, эсептер жана банктык аманаттар боюнча опреацияларды жүргүзүү, кардарлар менен коммуникация жана ошондой эле сатуулар боюнча практикадан өтүшөт.

Экзамендер аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө сертификаттар тапшырылат. Банкирдин жайкы мектебинин эң мыкты бүтүрүүчүлөрү өз карьераларын «Бай Түшүм» банкынан баштоого мүмкүнчүлүк алышат.