«Бай Түшүм» Банкы жана Адамзаттын Өнүгүүсүнүн Кыргыз-Япония Борбору Кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшту

02.07.2013

2013-жылдын 1-июлунда Адамзаттын Өнүгүүсүнүн Кыргыз-Япония Борбору (мындан ары Кыргыз-Япония Борбору) менен «Бай Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы Банкынын (мындан ары «Бай Түшүм») ортосунда Кызматташуу тууралуу Меморандумга расмий кол коюу болуп өттү. Меморандумга Банк тарабынан Башкы менеджердин орун басары Нургуль Торобаева жана Адамзаттын Өнүгүүсүнүн Кыргыз-Япония Борбору тарабынан Со-директор Мунео Такасака жана Темир Жумакадыров тарабынан кол коюлду.

Ушул Меморандумдун чегинде тараптар өздөрүнүн Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестик ишканаларына-бенефициарларына билим берүү, консультациялык жана финансылык колдоо көрсөтүүгө ниеттеништи.

Кыргыз-Япония Борбору иштеген 10 жылдык мезгил ичинде япониялык эксперттердин тажрыйбаларын колдонуу менен ишти жаңы баштаган жана мурдатан иштеп келе жаткан ишкерлер үчүн Практикалык бизнес курстарды (мини МВА) өткөрүп жатат, курстарды аяктагандан кийин алар өздөрүнүн бизнес идеяларын иш жүзүнө ашыруу үчүн реалдуу бизнес планын даярдай билиши керек болот.

«Бай Түшүм жана Партнерлор» Банкы 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет жана 112 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү жалпы активдери менен динамикалуу өнүккөн финансылык институттардын бири болуп саналат. Банк чакан жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу финансылык кызматтарды көрсөтөт, анын ичинде ишти жаңы баштаган ишкерлер үчүн Start Up насыяларын берет. Ушуга байланыштуу, кызматташуунун өзөктүү пункттарынын бири болуп, мини МВА курстарынын угуучуларынын бизнес пландарын баалоодо «Бай Түшүм жана Партнерлор» Банкынын катышуусу саналат, жана эгерде, бизнес пландар оң бааланган учурда, «Бай Түшүм жана Партнерлор» Банкы курстардын угуучуларына старт алуу же бизнести өнүктүрүү үчүн насыя бере алат. Ошентип, ишкерлер жана финансылык институттар андан өз кызыкчылыктарын ишке ашыра ала турган, өз ара пайдалуу платформа түзүлөт.

Кызматташуунун дагы бир маанилүү аспектиси, бул «Бай Түшүм жана Партнерлор» Банкы өз ыктыярдуулук негизинде, өзүнүн бенефициарларына жана кардарларына (МСБ) маалымат бере жана аларды Кыргыз-Япония Борборунун мини МВА курстарына жөнөтө алат.

Ушундай кызматташуулар эки уюмдун өнүгүүсүнө гана позитивдүү таасирин тийгизбестен, Кыргызстандагы ишкердик чөйрөнү жана экономикалык активдүүлүктү жакшыртууга жана бүтүндөй жагымдуу таасирин тийгизе тургандыгына биз ишенебиз.

Маалымат үчүн:

Кыргыз-Япония Борбору тренингдердин жана семинарлардын кеңири бизнес спектирн өткөрөт. Япония Борборунун негизги курстарынын бири болуп, Бизнести Башкаруу боюнча 3 айлык практикалык Курсу болуп саналат, ал билимдерди жана тажрыйбаларды берүүнү болжолдойт жана аны колдонуу учурунда, рыноктун шарттарында жакшы багыт алууга мүмкүндүк берет. Башкаруучулук чечимдерди жакшыртуу боюнча корпоративдик курстун чегинде, Япониядан келген консультант, өзүнчө алынган компаниянын көйгөйлөрүн жана маселелерин изилдейт. Ошондой эле, Кыргыз-Япония Борборунда тематикалык семинарлар да өткөрүлөт.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы жөнүндө

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы ACDI/VOCA өнүгүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 13 жылдан бери иштеген уюм, 112 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен болгон Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык институттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.