«Бай Түшүм» Банкынын башкы менеджери ОБСЕ Академиясынын студенттери менен жолугушту

24.03.2016

«Бай-Түшүм» Банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева депозиттерди тартуу боюнча лицензиясы бар финансылык фонддун жана микрофинансылык компаниянын банктык толук лицензияга ээ болгон универсалдуу Банкка ийгиликтүү кайрадан түзүлүүсү жөнүндөгү дарс сабагы менен ОБСЕ Академиясынын  студенттеринин  алдында чыгып сүйлөдү.

«Экономикалык башкаруу жана өнүгүү» программасынын студент-магистранттары Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык өндүрүштүн өнүгүү тарыхы, Кыргызстандын финансы жана банк тармагындагы азыркы абалы жөнүндө жана ошондой эле «Бай Түшүм» банкынын өнүгүү тарыхы, анын миссиясы, стратегиялык максаттары,  кардарлар менен болгон өз ара мамиленин принциптери, Банктын  келечеги жана алдыдагы пландары жөнүндө кеңири маалыт алышты.

Гүлнара Шамшиева бүгүнкү күндө бардык аймактарда  абдан актуалдуу болгон: улуттук валюталардын девальвациясы жөнүндө, Кыргызстандын Евроазиялык экономикалык союзга кошулушу жана анын Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири жөнүндө жана ошондой эле пайыздык үстөк чени кантип түзүлө тургандыгы жөнүндө, насыялоонун түрлөрү, насыялык тобокелдиктер, банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишмерчилигин жөнгө салуу жана мунун баары жалпысынан финансы-кредиттик мекемелердин ишмерчилигине кандайча таасир бере тургандыгы жөнүндөгү көптөгөн суроолорго жооп берди.

Студенттерди трансформация маселелери жана анын уюмдун социалдык максаттарына тийгизген таасири, кардарларды коргоонун принциптери тууралуу суроолор кызыктырды.

«Банк ишиндеги ийгиликтин тарыхы- бул жагдайлардын жагымдуу дал келүүсү тууралуу аңгеме эмес. Ал  ишенимдүү финансылык мекемени түзүү тууралуу жалпы максатты көздөгөн адистердин бүтүндөй командасынын  чымыркана иштеген эмгеги жөнүндө баяндоо.

Өлкөдөгү эң кубаттуу банктардын катарынан өзүнүн татыктуу ордун ээлөөдөн мурда «Бай-Түшүм» банкы татаал жолду басып өткөн. Биз сабаттуу менеджменттин көп жылдар боюу топтолгон практикалык бай тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярбыз жана кызматташуу үчүн дайыма эшигибиз ачык,-деп белгиледи Гүлнара Шамшиева.

ОБСЕ Академиясында Борбордук Азиянын бүткүл аймагынан келишкен студенттер билим алышаарын эсиңиздерге салабыз.