«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы Бишкек лизинг форумунун расмий демөөрчүсү болду

02.07.2012

2012-жылдын 29-июнунда «Лизинг Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн куралы катары» деген Бишкек лизинг форуму болуп өттү, мунун демөөрчүлөрүнүн бири болуп «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы болду. Форум Кыргызстан банктарынын кеңеши жана Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги тарабынан уюштурулган.  Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан ж.б. өлкөлөрдүн банктары менен  микрофинансы уюмдарынын өкүлдөрү, практик-консультанттары, инвесторлору, донорлору активдүү катышышты. Учурдагы кырдаалды талкулоо үчүн бирдиктүү аянтчаны жана рынокту өнүктүрүүнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн түзүү, ошондой эле Кыргызстандагы лизингдин келечегин түзүү форумдун максаты болду.

Пленардык отурумда Кыргызстанда лизингди өнүктүрүүнүн кыйынчылыктары менен көйгөйлөрү активдүү талкууланып жатканын белгилей кетүү керек. Жоомарт Оторбаевдин пикири боюнча негизгилери болуп, камсыздандырууну өнүктүрүүдө эмес, дыйкан чарбалардын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгүндө, ошондой эле  каржыга  жетүү мүмкүндүгү чектелүү экендигинде.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева сессиялардын биринде төмөнкү жагдайды түшүндүрдү:  «Форумдун  жүрүшүндө лизинг келишимдерин каржылоо мүмкүндүгү жок деген маселе көтөрүлүүдө. Жеке өзүм тараптан белгилеп кетким келет, пайдалуу лизинг кызматтарын тартуу үчүн “узак жана арзан” ресурстар зарыл, ал үчүн Кыргызстанда “саясий тынчтык” болушу керек.   Чындап келгенде, бир дагы инвестор мамлекетте тобокелдик жогору болгон өлкөгө өзүнүн акчасын салгысы келбейт».

 «Лизингди өнүктүрүүдө каржы уюмдарынын аткарган кызматы» сессиясында  модератор катары чыккан Гульнара Шамшиева «Бай Түшүм» финансы тобунун лизинг ишмердүүлүгүн ишке ашырууда өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Аны менен бирге микролизингди  жигердүү киргизүүнү 2007-жылдары БУУӨП (ПРООН) Программасынын колдоосу менен  башталган. 5 жыл ичинде финансы тобу 58 лизингдик келишимдерди 53,7 млн. сом суммага ийгиликтүү каржылады. Ишкерлер «CLAAS», «Ростсельмаш», «Кыргызавтомаш», ошондой эле башка өндүрүүчү компаниялардын немец, орус жана белорусь техникаларын лизингге ала алышкандыктан, өнөктүк кызматташуу мамилеси жөнгө салынган.

Бүгүнкү күндө «Бай Түшүм» финансы тобу жылына 16 пайыздык чен менен 10 млн. сомго чейинки суммада долбоорлорду каржылоо алкагында ишкерлерге пайдалуу лизинг программасын сунуштайт. Бул лизинг программасы менен жеке ишкерлер, дыйкан чарбалары жана айыл чарба бирикмелери колдоно алат. Ушул программа боюнча каржылоонун жогорку мөөнөтү 5 жылды түзөт.