«Кызыл жол» мектебине кошумча 5 класстын курулушуна Баткен шаарынын Мэриясына Компания 50 миң сом өлчөмүндө демөөрчүлүк жардам көрсөттү

24.08.2011

Баткен шаарынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринде орундар жетишпегендигине байланыштуу, калктын муктаждыктарына өз убагында көңүл буруу жана шаардын элине кайрымдуулук жардамын көрсөтүү максатында Баткен шаарынын Мэриясынын алдындагы кайрымдуулук жардам Фонду «Кызыл  жол» мектебине кошумча жайларды куруу тууралуу чечимин кабыл алды.Кошумча беш класстык бөлмөлөрдүн курулушу өткөн жылы жеке жана өткөрүлгөн марафондо чогулган  финансылык каражаттардын эсебинен башталган. Бирок бүгүнкү күндө курулушту улантуу үчүн Фонддо болгон финансылык каражаттар жетишсиз, ошондуктан Компаниянын жетекчилиги Баткен шаарындагы ушул социалдык объектинин курулушунун маанилүүлүгүн түшүнүү менен  демөөрчүлүк жардам көрсөтүүгө 50 миң сом  суммасында акча каражаттарды бөлүп берүү тууралуу чечимин кабыл алды.

«Кызыл Жол»  мектебинде жаңы бөлмөлөрдүн курулушу аяктагандан кийин мектеп 180 окуучуну кошумча кабыл ала алат.