«Бай-Түшүм» Банкы энергияны үнөмдөө тармагында мыкты жетишкендиктери үчүн «Мыкты Банк-партнер» номинациясында сыйланды

20.11.2014

2014-жылдын 19-ноябрында KyrSEFF- Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо программасы Реконструкциялонун жана өнүгүүнүн Европалык банкынын жана Европалык Союздун жетекчилиги алдында энергонатыйжалуулук багытындагы мыкты натыйжаларга жетишкендиги жана айлана-чөйрөнү сактоого кошкон салымы боюнча абдан ийгиликтүү долбоорлорду сыйлоого арналган салтанаттуу аземин өткөрдү.

Бул салтанат аземи Кыргызстанда туруктуу энергия тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ардактоо боюнча биринчи ирет өткөрүлгөн иш-чара жана энергосарамжалдуулук багытындагы жетишилген көрсөткүчтөрдүн жаркыраган демонстрациясы болду. KyrSEFF программасынын Кыргызстандагы финансылык мекемелер менен түзүлгөн эки тараптуу кызматташуусунун натыйжасында өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган долбоорлор ишке ийгиликтүү ашырылды.

Мисалы, «Бай Түшүм» Банкы 2014-жылдын апрель-октябрь айларынын аралыгында эле бизнес-секторунда 40 470 000 млн.сом суммасындагы 4 долбоорду жана турак-жай секторунда 28 701 526 млн. сом суммасындагы 93 долбоорду каржылады. Мунун ичинде эки багыт боюнча берилген гранттардын суммасы 8 206 USD АКШ долларын түздү. Бардык долбоорлор башталышынан аяктаганга чейин KyrSEFF программасынын инженер-энергетиктер тобунун акысыз көрсөтүлгөн кеп-кеңештери жана техникалык колдоосу менен ишке ашырылды.

Ушул жылдын август айында «Бай Түшүм» Банкы Токмок шаарынын мериясы жана KYRSEFF программасы менен биргеликте Токмок шаарындагы бюджеттик уюмдардын кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу максатында «Социум» долбоорун ишке беришти. «Бай Түшүм» Банкы жеңилдетилген каржылоо боюнча бул долбоорду ишке ашырууга 34 млн. сомдон ашуун каражат бөлдү. Долбоордун алкагында бюджеттик уюмдардын кирешеси аз болгон кызматкерлеринин: мугалимдердин, медиктердин, социалдык кызматкерлердин 56 үй-бүлөсү жаңы курулган жеке үйлөрдүн ээси болуп калышмакчы. Долбоордун маанилүү өзгөчөлүгү болуп, турак жайдын болочок ээлерине KYRSEFF программасынын алкагында Европалык Союз турак жай наркынын 35 пайызын грант түрүндө бөлүп берет. Бардык үйлөр энергосарамжал технологияларды эске алуу менен курулууда, сапаттуу жана сертификацияланган курулуш материалдары орнотулмакчы, болочокто от жагууну азайта жана турак жайдын пайдалануу мөөнөтүн узарта турган жаңы технологиялар колдонулмакчы. «Социум» долбоору энергосарамжалдуулук жана комплекстүү дизайны үчүн «Турак жай секторундагы эң мыкты долбоор» номинациясында сыйлыкка ээ болду. Бишкек филиалынын Токмок шаарндагы офисинин кызматкерлери: Зарема Ирискулбекова, Роза Усенова жана Медер Бообеков ийгиликтүү иштери үчүн сыйлыкка татыктуу болушту.

Ошондой эле энергосарамжалдуу иштерди ийгиликтүү жайылткандыгы үчүн Банктын башкы офисинин кардары Гүлсайра Усупова «Турак жай секторундагы эң мыкты долбоор» номинациясында сыйланды.

Туруктуу энергияны каржылоо багытында жетишкен жогорку натыйжалары үчүн «Бай Түшүм» Банкынын Бишкек жана Каракол шаарларындагы филиалдары сыйланышты. Бирок муну менен «Бай Түшүм» Банкынын сыйлыктары аяктаган жок.

«Бай Түшүм» Банкынын дагы 5 кызматкери- Алик Борончиев (Нарын филиалы), Дастан Асанакунов (Каракол филиалы), Гүлдана Боронбаева (Ош филиалы), Асел Асаналиева (Талас филиалы) жана Эркин Разабаев (Жалал-Абад филиалы) KyrSEFF программасынын ардактуу дипломдорун жана байгелүү кубокторун алышты.

Тактама маалымат:

«Бай Түшүм» Банкы финансы рыногунда 2000-жылдан бери иштеп келе жатат, ал өзүнүн ишмерчилигин 1997-жылы америкалык өкмөттүк эмес уюм ACDI/VOCA жүргүзгөн «Food for Progress» монетизациялоо программасынын алкагында эл аралык долбоор катары баштаган. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай Түшүм» Банкы Борбордук Азиядагы Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын толук банктык лицензиясын алган эң алгачкы микрофинансылык уюм болуп калды. Өзүнүн 14 жылдык ишмерчилигинде бул уюм жалпы активдеринин көлөмү 8,1 млрд. сомду түзгөн Кыргыз Республикасындагы эң ири финансылык институттардын бирине айланды. Бүгүнкү күнү «Бай Түшүм» Банкы 32 миңден ашуун кардарга кызмат көрсөтүү менен Кыргыз Республикасындагы эң ири банктардын жетилигине кирет.

Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо программасы (KyrSEFF) Кыргызстанда 2013-жылдын апрель айынын аягында 20 миллион АКШ доллары суммасындагы насыялык куржуну менен ишке берилген. Бул Реконструкциялоонун жана өнүгүүнүн Европалык Банкынын (ЕБРР) туруктуу энергияны каржылоо Программасынын (SEFF) бир бөлүгү болуп эсептелет. (KyrSEFF программасы боюнча насыялар Европа Союзунун Борбордук Азиядагы Инвестициялык фондунан 10 пайыздан баштап, 35 пайызга чейинки гранттар менен коштолот ) (EC IFCA).www.kyrseff.kg

Европалык Союз (ЕС) – алдыңкы жетишкендиктерди, ресурстарды жана өз элинин тагдырын бириктирип турган 28 мүчө-мамлекеттерден турат. 60 жылга созулган мезгил аралыгында биргелешкен күчтүн аркасында бул Союз маданий ар түрдүүлүктү, жекече эркиндикти жана чыдамкай атмосфераны сактап калуу менен туруктуу аймакка, стабилдүүлүккө, демократияга жана туруктуу өнүгүүнү түзүүгө жетише алды. Европалык Союз өз жетишкендиктерин бөлүшүүгө кыйшаюусуз умтулуп келүүдө.

Реконструкциялоонун жана өнүгүүнүн Европалык Банкы (ЕБРР) 64 мамлкеттин жана эки эл аралык уюмдун катышуусу менен түзүлгөн. Ал рынок экономикасынын жана демократиянын өнүгүшүн колдойт. web, Facebook иTwitter булактарынан биздин маалыматтарды алууга болот.