Насыя алуу жана аны жоюу дагы жеңилдеди!

10.06.2014

«Бай Түшүм» Банкы жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюшту.

Банктын кардарлары мындан ары өздөрүнө жакын жайгашкан “Кыргыз почтасынын” бөлүмүнөн Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен насыя алуу жана аны жоюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

“Кыргыз почтасы” бүткүл өлкөбүз боюнча жайгашкан эң кеңири филиалдык тармактарга жана почта байланышынын бөлүмдөрүнө ээ, анда 922 обьект- облустук деңгээлдеги 4 почталык филлиалы, райондук жана шаардык деңгээлдеги 44 филиалы, “Бишкек почтамт” филиалы жана  почта байланышынын аймактык филиалдарынын тутумундагы 870 бөлүмдөрү иштейт.

“Кыргыз почтасынын” бардык бөлүмдөрүнүн даректери