«Global Money Week — 2018» алкагындагы Балдар сүрөтү конкурсуна катышуунун мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыздар

27.02.2018

7- «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын» алкагында Улуттук сүрөт конкурсу жарыяланды, салтка айланып калгандай, анын демөөрчүсү «Бай Түшүм» Банкы болууда. Конкурс Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жетекчилиги алдында, жумалыкты уюштуруучулардын курамында Өнүгүү саясаты Институту жана «Бай Түшүм» Банкы болгон Бүткүл Дүйнөлүк акча жумалыгы – 2018 (Global Money Week-2018) жумалыгын Кыргыз Республикасында  өткөрүү боюнча демилгечи топ тарабынан өткөрүлүүдө.

Бул жылда өтүүчү конкурс Улуттук валютанын 25 Жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

Конкурска 7 жаштан 17 жашка чейинки балдарды жана өспүрүмдөрдү активдүү катышып, акчалай байгелерди алууга чакырабыз.

Конкурстук иштер 2018-жылдын 11-мартына, саат 17:00гө чейин Бишкек ш., Үмөталиев көч., 108 (Өнүгүү саясаты институтунун кеңсеси) дареги боюнча же «Бай Түшүм» Банкынын  бардык кеңселеринде  кабыл алынат. Кеңселердин даректерин: https://www.baitushum.kg/ru/branches шилтемеси боюнча табууга болот.

 

 Конкурстук иштердин темалары: Конкурс КРнын билим берүүчү мекемелеринин 7 жаштан 17 жашка чейинки окуучуларынын арасында, төмөндөгү категориялар боюнча өткөрүлүүдө: Байге Фонду:
  • Акча деген эмне?
  • Акча маселеси эмне үчүн маанилүү?
  • Сом – 25 жашта
  • Туулган күнүң менен, Сом!
  • Менин жекече бюджетим
  • Үй-бүлөлүк бюджет
  • Жеке чыгымдарды кантип мерчемдөөгө болот?
  • Акчаны кантип топтой алабыз?

 

  • 1- категория – 7-10 жаштагылар, 3төн байгелик орун болжолдолууда
  • 2- категория – 11-14 жаштагылар, 3төн байгелик орун болжолдолууда;
  • 3- категория – 15-17 жаштагылар  3төн байгелик орун болжолдолууда.

 

  • Биринчи орун — 6000 сом,
  • Экинчи орун – 4000 сом,
  • Үчүнчү орун- 2500 сом.

 

Конкурс балдар менен жаштардын финансылык сабаттуулук деңгээлин көтөрүү жана акчаны башкара билүүгө, алдыга максат коюу менен келечекке финансылык мерчемдерди иштеп чыгууга үйрөнүүгө окуунун зарылчылыгы жөнүндөгү маселеге жаштардын көңүлүн буруу максатында өткөрүлүүдө.

 

Маалымат алуу үчүн телефондор:

  • 0(312) 97-65-30 (31,32,33,34) Өнүгүү саясаты Институтунун кеңсеси,
  • 0(312) 90-58-05 “Бай Түшүм” Банкы

Сүрөттөрдүн Улуттук конкурсун өткөрүү жөнүндөгү Жобо (GMW-2018)