КИВА долбоорунун чегинде 2012-жылы Банк долбоолорду 68 миллион сомдон ашык суммага каржылады

30.01.2013

Банктын социалдык миссиясын иштетүүдөгү өзгөчө багыт, КИВА социалдык долбоорунун чегинде аймактардагы аял-ишкерлерди колдоо болуп саналат. Банк 2012-жыл үчүн КИВА Фондунун колдоосу учурунда Кыргызстандын аймактарында 900 дөн ашык аял-ишкерлердин долбоорлорун жалпы 68,7 млн. сом суммада каржылады. 2011-жылга салыштырганда насыялык портфелдин өсүшү 220% түздү. 2012-жылдын декабрь айы үчүн эле 129 кардарлар жалпы суммасы 0,09 млн. сомго каржыланды.

«2013-жылы долбоордун чегинде ишкер аялдарды колдоо боюнча күчтөрдү бириктирүү боюнча КИВА долбоорунун чегинде, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» ACDI-VOCA менен кызматташуу менен иштетип жаткан, КИВА долбоорунун чегинде ишкер аялдарды колдоо боюнча күчтөрдү бириктирүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, КИВА продукттарынын, тагыраак айтсак, – «Жашыл насыя», насыялык багыттарын кеңейтүү боюнча андан ары иштетүү пландаштырылууда. «Жашыл насыя», энергетикалык чыгашаларды төмөндөтүүгө, таштандыларды жана айлана-чөйрөнү кирдетүүнү минималдаштырууга көмөктөшө турган экологиялык долбоорлорду каржылоону болжолдойт» – деп белгиледи Бизнести өнүктүрүү Башкармалыгынын Башычысы Анара Байжуманова.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор», кирешеси абдан төмөн деңгээлде болгон элди колдоого багытталган, КИВА социалдык долбооруна 2010-жылы кошулган, Кыргыз Республикасындагы биринчи микрофинансылык уюмдардын биринчиси болуп санала тургандыгын белгилей кетүү керек.

Сурап билүүчү маалымат: КИВА Фонду, дүйнө жүзү боюнча социалдык жакыр элди насыялоо жана жакырчылыкты жоюу боюнча глобалдуу иш-аракеттерге салым кошуу максатында элдерди бириктире турган Интернет-платформа болуп саналат. КИВА Фонду, дүйнөнүн 60тан ашык өлкөлөрүндөгү 144 Микрофинансы уюмдары менен кызматташат.