КИВА долбоорунун чегинде 1 млн. АКШ долларынан ашык суммадагы долбоорлор каржыланды

20.02.2012

Компания КИВА Фондусунун колдоосунда социалдык-жакыр элдин катмарына карата долбоорлорду 1 млн. АКШ долларынан ашык суммада каржылады.  2010-жылдын июль айынан тартып КИВА долбоору тарабынан 600дөн ашык адам камтылды – бул төмөн деңгээлдеги кирешеси менен болгон адамдар, алар айыл жерлеринде ишкердик иш-аракеттерге тартылышты. Кардарлардын ушул категориясы үчүн насыялар жеңилдетилген пайыздык чени боюнча бериле тургандыгын белгилей кетсек болот. Компаниянын ишинин өзгөчө багыты болуп, аймактардагы аял-ишкерлерди колдоо болуп саналат, ошондуктан Компаниянын жетекчилиги тарабынан 2012-жылдын январь айында  КИВА долбоорун толугу менен аялдардын бизнесин каржылоого карата чечими кабыл алынган.

«Биздин Компания КИВА социалдык долбоорго 2010-жылы кошулган, Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдардын биринчилеринен болуп саналат, жана ал кирешесинин деңгээли төмөн элдерди колдоого багытталгандыгын белгилеп кетким келет. Социалдык багыттагы Компания болуп саналуу менен биз ушундай долбоорлордун маанилүүлүгүн жакшы түшүнөбүз, ошондуктан биз өткөн жылы жаңы «Айылкурулуш» продуктусун ишке киргизгенбиз, ал айыл жерлеринде турак жайлардын курулушун каржылоого багытталган.  Бул продукт рынокто уникалдуу болуп саналат жана аймактардагы элдин арасында популярдуу болуп келет» – деп белгиледи Нургуль Торобаева, Башкы менеджердин орун басары.

«Аймактарда биз алар менен иштеп жаткан элдин негизги бөлүгү – бул дарыгерлер, мугалимдер, жалгыз бой энелер, жумушсуз калган жана өздөрүнүн үй-бүлөлөрүн багуу үчүн иштеп акча табуу аракети менен жеке иш ачып иштей баштоого аргасыз болгон элдер. Ал эми КИВА Фондунун жардамы менен биз аларга жардам берип жатабыз. Ушул долбоорго катыштырган жана жеңилдетилген пайыздык чени менен насыя алууга берилген мүмкүнчүлүк үчүн кардарлар биздин Компанияга ыраазы экендигин белгилеп кетким келет» – деп белгиледи Базарбек уулу Бообек, Кара-Буура аймагынын улук насыя адиси.

КИВА Фонду, бүткүл дүйнө жүзү боюнча социалдык-жакыр калкты насыялоо жана кедейчиликти жоюу боюнча глобалдуу иш-аракеттерге салым киргизүү максатында элди бириктире турган Интернет-платформа болуп санала тургандыгын эскерте кетели. КИВА Фонду дүйнөнүн 60 өлкөлөрүндө 144 Микрофинансылык уюмдары менен кызматташат.