«Бай Түшүм” Банкы Ош облусунда “Жайлоодогу балдар Бакчасы” долбооруна демөөрчүлүк жардам берди

01.07.2014

“Жайлоодогу балдар бакчасы” – бул “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун долбоору. Долбоордун максаты жай мезгилинде тоодогу жайлоолордо болушкан малчылардын балдарына колдоо көрсөтүп, жардам берүү болуп саналат.Долбоор 5,6, 7 жаштагы балдарга ошол жайыттарда эле мектепке барууга даярданууга жана ар кандай окууларга барууга мүмкүнчүлүк берет.

«Бул “Бай Түшүм” Банкы тарабынан колдоого алынган “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун үчүнчү долбоору. Биз балдарды жана жаштарды өнүктүрүү, аларды окутуу багытындагы долбоорлорду колдоого алууга дайыма даярбыз. “Жайлоодогу балдар Бакчасы” долбоорунун алкагында Банк Ош облусундагы 3 бакчага канцелярдык товарларды алууну каржылады. Мектеп жашына чейинки балдар санаганды, жазганды жана окуганды өз үй-бүлөсүндө туруп эле үйрөнө алышат”,- деп белгиледи “Бай Түшүм” Банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева

Жайлоолордогу балдар бакчалары июнь айынын ортосунан баштап, август айынын аягына чейин иштейт. Долбоордун алкагында жайлоолордо жашашкан 600дөн ашуун бала жумасына 5 жолу, күнүнө 3 саатка созулган окууларга баруунун эң сонун мүмкүнчүлүгүн алышты.