Сүрөттөрдүн улуттук конкурсунун жыйынтыгы

15.03.2018

Урматтуу достор, 14-март күнү кечинде бизге Талас жана Нарын облустарынын балдарынын дагы 300 сүрөтүн алып келишти. Конкурстук кошумча иштердин кечеңдеп келиши техникалык себептерге гана: жолдун узактыгына жана татаалдыгына байланыштуу курьер өз убагында келе албай калды. Бул көлөмдүү иш экендигин эске алып, конкурстун башка катышуучулары сыяктуу эле, Таластык жана Нарындык балдар да жан үрөп аракет  кылгандыктарына байланыштуу биз алардын иштерин көңүл буруусуз калтыра албайбыз. Ушул себептүү Таластык жана Нарындык балдардын сүрөттөрүн кароо жана акыркы жыйынтыкты чыгаруу үчүн бүгүн, 15-мартта биз конкурстук комиссияны кайрадан чогултуп жатабыз. Сүрөттөрдүн улуттук конкурсунун жыйынтыгы эртең, 16-мартта, түштөн кийин жарыяланат, а жеңүүчүлөрдү сыйлоо мурда пландаштырылгандай  Сүрөт музейинде 20-мартта, саат 11:00дө болот.