Кыргызстандын бардык аймактарында «Бай-Түшүм» Банкынын өкүлдөрү жамааттык ооз ачаар-ифтар уюштурушту

14.07.2015

«Бай-Түшүм» Банкы тарабынан уюштурулган Кайрымдуулук акцияларынын кезектеги сериясы  бардык мусулмандардын ыйык айы болуп эсептелген, боорукердиктин, кайрымдуулуктун жана жакшы адаттардын айы болгон  – Орозо айына арналды.

Банктын жетекчилигинин демилгеси менен Банктын бүткүл Кыргызстан боюнча жайгашкан 13 офисинин өкүлдөрү жамааттык ифтар – Орозо маалындагы орозо кармагандар үчүн  кечки ооз ачаар  уюштурушту.  Ифтарга орозо кармагандар, аксакалдар, имамдар жана жергиликтүү мечитке келип туруучу калк чакырылды. Меймандар даамдуу плов, көптөгөн жер-жемиштер, ар кнадай татуулуктар менен сыйланышты.

Банктын өкүлдөрү бардык катышуучуларды  ыйык Орозо айы менен куттукташты жана орозо айынын ыйыктыгын, анын бириктирүүчү мүнөзүн белгилешип, катышуучуларды аяктап калган Орозо айы менен куттукташты жана бардыгына жакшылыктарды, бекем ден-соолукту каалашты.

 Ифтарга  800гө жакын  адам чакырылган.