«Бай Түшүм» Банкынын «Элкарт» төлөм картасын кантип толтуруу керек

01.07.2014

«Бай Түшүм» Банкы өз кардарларына улуттук валютадагы «Элкарт» төлөм карталарын сунуш кылат.

«Бай Түшүм» Банкынын «Элкарт» төлөм картасы Сизге соода-сервистик ишканаларда товарлар  жана тейлөөлөр үчүн накталай эмес төлөөлөрдү жүргүзүүгө, Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы  акчаны накталай берүүчү пункттарынан жана банкоматтарынан акча каражатын накталай алууга, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү уюмдарга коммуналдык жана башка төлөмдөрдү жүргүзүүгө  мүмкүнчүлүк берет.

«Бай Түшүм» Банкынын «Элкарт» төлөм картасын кантип толтуруу керек?

«Бай Түшүм» Банкынын офистеринин кассаларында
Өзүңүздүн карт-эсебиңизди толтуруу үчүн, кассалык-эсеп тейлөө кызматкерине барып, кириштөө ордерин толтуруп жана эсебиңизге чегериле турган сумманы кассага төгүшүңүз керек. Бул кызмат акысыз, акча каражатыңыз бир жумуш күнүнүн ичинде чегерилет.

 «Бай-Түшүм» Банкынын банкоматтары аркылуу
Сиз өзүңүздүн картаңыздан башка Элкарт картасына акча которууларды жүргүзө аласыз. Чегерүүлөр ошол замат ишке ашат. Которуу үчүн комиссиялык чыгым: Банктын тармагы ичинде-5 сомду жана башка тармактарга которуулар үчүн -15 сомду түзөт. Комиссияны жөнөтүүчү төлөйт.  Которуулар боюнча чектөө: суткасына -50000 (элүү миң сом )

Төлөм терминалы  (cash-in)
Мобильник төлөм терминалдары аркылуу картаны толтуруп алууга болот. Бул үчүн  карт-эсептин номурун билүү зарыл. Толтуруу акысыз жүргүзүлөт. Акча каражатынын суммасын карта боюнча колдонуу үчүн банктык жумуш күнүнүн ыргагына жараша, саат 09-00дөн баштап 16-00гө чейин алууга болот. Банктын иш күнү эмес учурда, же дем алыш күндөрү картаны толтурган учурда акча каражаты  картага кийинки жумуш күнү түшөт.

 Башка банктан банктык которуулар
Толтурууну кадимки эле банктар аралык которуулар менен жүргүзүүгө болот. Бул үчүн кабыл алуучунун  реквизиттерин көрсөтүү зарыл:

  • карт-эсептин номери,
  • БИК Банка 137001,
  • Алуучунун Банкы: ЖАК  Банк «Бай-Түшүм»

Башка эсептен Банктык которуулар
Толтурууну  кадимки эле банк ичиндеги которуулар менен жүргүзүүгө болот. Бул үчүн карт-эсептин номурун көрсөтүү зарыл.

Банкоматтардын жана төлөм терминалдарынын тизмеси