«Бай-Түшүм» Банкы онкологиялык оорулардан жабыр тарткан балдарга колдоо көрсөтүп келет

02.06.2015

Бүгүн балдарды коргоонун Эл аралык Күнүндө, «Бай-Түшүм» Банкынын бардык филиалдары кайрымдуулук акцияларын өткөрүшүп, кичинекей кыргызстандыктарды майрамы менен куттукташууда. Банктын башкы офиси Кыргыз Республикасынын Онкология Улуттук борборунун онкогематология бөлүмүндө дарыланып жатышкан балдарга жардам көрсөтүштү.

Онкогематология бөлүмүнүн кичинекей  пациенттерине химио-терапия жүргүзүү үчүн зарыл керектүү болгон винкристин и флуканир препараттары алынып берилди. Балдарды куттуктап жана алардын көңүлүн көтөрүү үчүн Банктын кызматкерлери атайын клоундорду чакырышкан. Балдарды бир азга болсо да ооруга байланышкан сары-санаадан алагды кылуу үчүн клоундор ар кандай конкурстар, оюндар менен коштолгон көңүлдүү майрамды тартуулашты. Балдарга байгелердин жана белектердин ордуна атайын шаңдуу оюндар тартууланды.

 «Биз оор тагдырга туш болгон балдарга жана алардын ата-энелерине колдоо көрсөтүүнү зарыл деп эсептейбиз жана кубанычтуу эмоциялар кичинекей пациенттердин ооруканада жаткан оор күндөрүн бир аз болсо да жеңилдетет деп ойлойбуз. Биздин колдоо балдардын сакайып кетиши үчүн кошкон салымыбыз”,- деп белгиледи “Бай-Түшүм” Банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.