“Бай Түшүм” Банкы шахмат боюнча балдардын “Greenwich Chess Cup 2014” турниринде башкы демөөрчү болду

10.01.2014

Бишкекте 2014-жылдын 3-январынан 10-январына чейинки күндөрдө “Бай Түшүм” Банкы башкы демөөрчүлүк кылган шахмат боюнча балдардын, өспүрүмдөрдүн “Greenwich Chess Cup-2014” кубогу үчүн эл аралык жеке-командалык турнири болуп өттү.

“Шахмат-стратегиялык ой жүгүртүү боюнча эң сонун машыгуу, ал ой жүгүртүү, күрөшүү жана жеңишке умтулуу жөндөмүн өнүктүрөт. Ушул себептен Банк шахмат турнирине демөөрчүлүк аркылуу жаш жана жакшы максаттарга умтулган муунга колдоо көрсөтүүгө өз салымын кошуп отурат. Бул турнирге катышуу жаш жана таланттуу окуучуларга тажрыйба алмашуунун, мыкты даярдык менен билим деңгээлин жана өздөрүнүн машыктыруучуларынын профессионалдуулугун көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди,-деп белгиледи “Бай Түшүм” Банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

Кыргызстанда акыркы 10 жылдан бери биринчи жолу өткөрүлүп жаткан бул турнирге 22 командадан 14 жашка чейинки 88 бала катышты. Алар Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын, Бишкек шаарынын жана Казакстандан келишкен шахмат клубдарынын командалары болду. Финалга чыгуунун алдында катарында өлкөбүздүн чемпиондору, дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарынын катышуучулары болушкан жаш шахматчылар жаш курактарына жараша жети тур ойношту.

Турнирдин жеңүүчүсү көбүрөөк байге топтогон Казакстандык оюнчу катышкан “Импульс” командасы болду. Экинчи орунга “С.Дюшор МО и Н-1” командасы жана үчүнчү орунду “Алмаз” командасы ээ болушту.

Командалардын жакшы ойношкон айрым мүчөлөрүнө атайын номинациялар жана сыйлыктар ыйгарылды.

“Greenwich Cup” турниринин уюштуруучулары Greenwich Chess Cup турнирлерин салтка айландырып жана жыл сайын өткөрүп турууну көздөшүүдө.