«Бай Түшүм» Банкы борбор шаарыбыздын мектептеринде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды өткөрөт

11.03.2015

Кыргызстанда «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы» 10-марттан баштап старт алды. Бул жумалыктын алкагында жаштар арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу максатында «Бай-Түшүм» Банкынын кызматкерлери күн сайын мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүшүп, аларды финансылык сабаттуулуктун негиздерине окутушууда.

Интерактивдүү окуулар борбор шаарыбыздын беш мектебинде: №3, №8, №10, №56, №61мектептеринде өтүүдө.

Банктын кызматкерлери окуучу балдарга банктык продуктулардын түрлөрү жана анын максаттары, өз алдыңа финансылык максаттарды койо билүүнүн маанилүүлүгү, жекече бюджетти алып жүрүү жөнүндө айтып беришүүдө. Акча каражатын билгичтик менен башкара билүү—ар бир адамдын материалдык абалында жана финансылык максаттарга жетүүсүндө маанилүү ролду ойнойт. Бул окуулардын аягында ар бир окуучу «Бай Түшүм» Банкынын финансылык колдоосу аркылуу  Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан чыгарылган «Акча алиппесин» белекке алышат.

Банктын кызматкерлери тарабынан берилип жаткан маалыматтын актуалдуулугу, жөнөкөйлүгү жана жеткиликтүүлүгү мектеп окуучуларын жаңы билимдерди жеңил өздөштүрүүсүнө, алардын жашоодо активдүү болуусуна өбөлгө  болмокчу.

Жогорку класстын көпчүлүк окуучулары анда-санда иштеп, өздөрү акча таап калгандыктан, аларды акча сактоонун ыкмалары жөнүндөгү тема абдан кызыктырат. Окуучуларды акча аласа-береселерин туура жүргүзүүнүн эрежелери, насыя акчаны, карызга батып кетпей, кандайча туура колдонуу керек, төлөм карталарынын артыкчылыктары эмнеде, акча которууларды кандайча жөнөтүп жана алуу керек деген темалар да абдан кызыктырат.

«Бай-Түшүм» Банкы экономикалык билим берүүдөгү жаштарды ишкерчиликке көнүктүрүү жана анын ыкмаларын өнүктүрүү багыттары камтылган долбоорлорду активдүү колдоого алып келет. Финансылык жактан сабаттуу муунду өстүрүп-жетилтүү үчүн, акча каражатын топтой билүүнүн ыкмаларын, жекече бюджетти башкара билүүнү жана бизнес-пландоону жаштарга  мектеп партасынан  баштап үйрөтүү зарыл.

-Ушул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер, жаштардын акчага карата мамилесин өзгөртүүгө жардам берет жана алардын финансылык өз алдынчалыкка жетүүсүнө өбөлгө болмокчу,- деп белгиледи «Бай-Түшүм» Банкынын Башкы Менеджери Гүлнара Шамшиева .

Бул кампаниянын алкагында Бүткүл Кыргызстан боюнча Банктын Борбордук офистеринде мектеп окуучулары жана студенттер катышкан ачык эшиктер күндөрү өтүп жатат.