«Бай-Түшүм» банкы Мамлекеттик Ипотекалык Компания менен (МИК) макулдашуу түздү

15.08.2016

2016-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын экономика жана өнүктүрүү Министрлигинде «Жеткиликтүү турак-жай-2015-2020» долбоорунун алкагында «Бай Түшүм» Банкы менен  Мамлекеттик Ипотекалык Компания (МИК) кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

«Бай-Түшүм» Банкы кеңири филиалдык тармакка жана калкты насыялоодо бай тажрыйбага ээ болгондуктан Мамлекеттик ипотекалык программаны турмушка ашырууга катышуучу  банктардын  бири болду.

“Мамлекеттик ипотекалык программаны турмушка ашырууга катышуучу банктардын катарынын көбөйүшү турак жайды алуунун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө болмокчу. «Бай-Түшүм» Банкы тарабынан насыялоо Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын  бекиткен эрежелеринин алкагында жүргүзүлмөкчү. Турак жай алууга жумшалуучу насыялар 15 жылдык мөөнөткө, 12 – 14% үстөк чени менен берилет”, – деп белгиледи   Гүлнара Шамшиева.

Тактама маалымат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасы бекитилген.

Кыргыз Республикасында ипотекалык насыялоонун механизмдеринин толук иштеп кетүүсүн камсыз кылуу үчүн жана социалдык тармактын, аскер кызматкерлерин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди ипотекалык насыялоо аркылуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программаны турмушка ашыруу максатында Өкмөттүн 2015-жылдын 15-июлундагы Токтому менен «Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы» ачык акционердик коому түзүлгөн.