Финансылык сабаттуулук боюнча Компания биринчи тренингдерди өткөрдү

12.04.2012

Март жана апрель айларында  «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясынын кардарлары үчүн  «Өзүңдүн келечегиңди пландаштыр» деген темада финансылык сабаттуулук боюнча биринчи тренингдер өткөрүлдү. Тренерлер болуп, Микрофинансылоо Борборунун (MFC, Польша) программасы боюнча атайы окуудан өткөн компаниянын кызматкерлери чыгышты. Тренингдин программасы, кирешеси төмөн деңгээлдеги үй-бүлөлөргө багытталган жана  өзүнө экономикалык аспектилерди, акча сактоолордун ишкердик тажрыйбаларын жана маданиятын камтыйт. Топтук тренингдерде 40тан ашык адам катышты, андагы негизги маселе болуп, өздүк финансыларга, үй-бүлөлүк бюджетти натыйжалуу башкаруу жана финансылык пландоонун маанилүүлүгүнө кардарлардын көңүлүн бурууга басым жасалды. Окутуу практикалык сабактар түрүндө жүргүзүлдү, анда ага катышкандар үй-бүлөлүк бюджетти рационалдуу пландаштырууга жана карыз алуу үчүн салмактап өлчөнгөн ыкмага биринчи кадам жасоого мүмкүндүк алышты.

Бардык жүргүзүлгөн сабактардын ичинде кирешелерди жана чыгашаларды башкаруу, финансылык максаттарды коюу жана финансылык пландарды иштеп чыгууларды, акча сактоо ыкмаларын жана мүмкүнчүлүктөрүн түзүү, ошондой эле  карызды акыл менен алууну башкаруу боюнча тажрыйбаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Ушундай  тренингдерди Компания бардык филиалдарда өткөрүүнү пландаштырууда.

Дивазова Г., Бишкек филиалынын кардары төмөнкүдөй жооп берди: «Башында, мени семинарга катышуу үчүн чакырганда, мени эмнеге үйрөтөт эле деп мен толук деле түшүнгөн жокмун. Акчаларын ар бир адам сактай ала тургандыгы, ошондой эле максаттарды туура аныктасаң, өзүңдүн койгон максаттарыңа жетүүгө боло тургандыгы мен үчүн эң кызыктуу ачылыш болду. Мен көп жылдардан бери башка уюмдардан насыяларды алып жүрчү элем, ал эми «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясына биринчи жолу келдим. Өзүңдүн акчаларыңды кантип маанилүү башкаруу керек экендигин мага эч ким деле айткан эмес. Бул жерден кардарлар туралуу чынында эле кам көрүлүп жаткандыгы көрүнүп турат. Үйгө кайтканда, өз келечегиңди кантип пландаштырууга боло тургандыгын сөзсүз түрдө өзүмдүн үй-бүлөмө айтып берем».

«Келечегиңди пландаштыр» деген финансылык сабаттуулук боюнча тренинги, Ситигруп (Citigroup Foundation) Фонду тарабынан каржылана жана Микрофинансылык Мүмкүнчүлүктөр уюмдарынын жетекчилигинин алдында жүргүзүлө турган, ошондой эле жеке изилдөөлөрүнүн негизинде иштелип чыккан, «Жакырлар үчүн финансылык билим» («Financial Education for the Poor») эл аралык долбоорунун чегинде Микрофинансылоо Борбору (MFC, Польша) тарабынан 2004-2005-жылдары  иштелип чыккан. «Келечегиңди пландаштыр» билим берүү пакети, өтмө экономикасы менен болгон өлкөлөрдөгү кирешеси төмөн деңгээлдеги элдердин финансылык билими боюнча базалык муктаждыктарын канаатандырууга багытталган.