Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу- коомдун өнүгүшүнө кошулган салым

01.10.2014

«Бай Түшүм» Банкы финансылык сабаттуулуктун маанилүүлүгүн жана анын коомдогу ордун терең түшүнүү менен, беш жылдан бери банктын кардарларына атайын окуу китептерин, семинарларды, бизнес-консультацияларды жана акысыз финансылык кеп-кеңештерди, ошондой эле үй-бүлөлүк финансыга тийешелүү болгон бардык суроолорго жооп берүүлөрдү камтыган программаны турмушка ашырып келүүдө.

Финансылык билимдин элементтерин камтыган консультациялар насыялык иштерге киригизилген жана ал бир гана үй-бүлөлүк бюджетти башкарууга, кирешелер менен чыгымдарды башкаруу боюнча окуулар эле эмес, ал насыя алууда дыкат ойлонулган чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү болууга жана мындай кадамга баруу өзүнө жана анын үй-бүлөсү үчүн күтүлбөгөн кандай натыйжаларга алып келиши мүмкүн экендигин түшүнө билүүсүн шарттаган окуулар болгондуктан, ал өзүнүн жакшы натыйжаларын берүүдө.

«Бай Түшүм» Банкы 2014-жылдын 1-октябрынан бери Микрофинансылык Борбор (Микрофинансовый Центр-МФЦ ) жана дагы 11 микрофинансылык уюм менен биргеликте финансылык сабаттуулук боюнча эл аралык «Карызды акылдуулук менен алуу» деген аталыштагы кампанияны ишке киргизишти. Бул кампания Европанын жана Борбор Азиянын 9 өлкөсүндө ишке ашырылмакчы.

Кампаниянын максаты: кардарлар арасында финансылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу. «Бай Түшүм» Банкынын бүткүл Кыргызстан боюнча жайгашкан 65 офисинин ар биринен бардык каалоочулар жоопкерчиликтүү жана коопсуз насыялоого байланыштуу акысыз консультацияларды жана көркөм жасалгаланган брошюраны да ала алышат. Брошюрада ар айдагы сактоолукту кантип эсептөө керек, сиз канча суммадагы насыяны төгө ала тургандыгыңызды, насыя берүүчү ар кандай уюмдардын сунуштарын кантип салыштыруу керек, карызды кантип көзөмөлгө алуу керек жана карызга канткенде батып кетпөө керек деген сыяктуу маанилүү суроолорго жооптор берилген.

-Кардарлардын финансылык жактан сабаттуу муунун тарбиялоо үчүн үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу жана өз ара иштешүүнүн бардык деңгээлдеринде түшүнүү менен карыз алуунун/берүүнүн жөндөмүнө тарбиялоо керек. Ушул себептүү биз өзүбүздүн Банктын топтогон тажрыйбасын жана Микрофинансылоо Борборунун эл аралык тажрыйбасын колдонуу менен финансылык сабаттуулук программасын кеңейтүүнү пландаштырып жатабыз. Биз бул багыттагы жүргүзүлүп жаткан иштер калктын банктарга болгон ишенимин жогорулатып, бизнес жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугуна жана кардарлар менен узак мөөнөттүү мамиле түзүүнү бекемдөөгө өбөлгө болооруна биз бекем ишенебиз,- деп белгиледи «Бай Түшүм» Банкынын Башкы Менеджери Гүлнара Шамшиева.

Финансылык кеп-кеңештерди жана брошюраларды алуу үчүн Сиздер «Бай Түшүм» Банкынын жакын жайгашкан офисине кайрылсаңыздар же (312) 905 805 телефонуна чалсаңыздар болот.

Банк жөнүндө маалымат:

«Бай Түшүм» Банкы өз ишмерчилигин 1997-жылы НПО ACDI/VOCA америкалык өкмөттүк эмес уюм жүргүзгөн «Food for Progress» монетизациялоо программасынын алкагында эл аралык долбоор катары баштап, финансы рыногунда 2000-жылдан бери иштеп келе жатат. 2012-жылдын ноябрь айында «Бай Түшүм» Банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын толук банктык лицензиясын алган Борбор Азиядагы алгачкы микрофинансылык уюм болду. Банк 13 жылдык ишинде жалпы активинин көлөмү 7,2 млрд. сомду түзгөн Кыргыз Республикасындагы эң ири финансылык институтардын бирине айланды. «Бай Түшүм» Банкы бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасындагы эң ири банктардын жетилигине кирет жана 32 миңден ашуун кардарларга кызмат көрсөтүүдө.

Польшада жайгашкан Микрофинансылоо Борбору (Центр Микрофинансирования- МФЦ ) өз ишин 1997-жылдын аягында баштаган, ал Европадагы жана Борбор Азиядагы 105 микрофинансылык уюмдарды бириктирип турат. Өз ишмерчилигинин алкагында микрофинансылык уюмдардын-МФЦнын мүчөлөрүнүн кубаттуулугун бекемдөөгө багытталган ар кандай программаларды турмушка ашырып келе жатат. МФЦнын мүчөлөрүнүн арасында банктар, өкмөттүк эмес уюмдар, социалдык жана коммерциялык инвесторлор,өнүгүү агентстволору жана эл аралык жеке ыктыярдуу уюмдар бар.