“Бай-Түшүм жана Партнерлор” МФКсы кредиттик процесстеги финансылык сабаттуулук боюнча консультация берүүлөрдү жайылтат

20.06.2012

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш алкагында, Компания  насыялоо процесске түздөн түз тиешелүү   кардарлардын финансылык билими боюнча консультацияларды жайылтуу боюнча чечим кабыл алды.  Ошентип, Компаниянын ар бир кардары киреше жана чыгашаларды башкаруу, үнөмдөө ыкмалары  жана мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле жөндүү карыз алуу жаатында өзүнүн билимин жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн алат.“Бүгүнкү күнү аз кирешелүү адамдарга финансылык билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүнү жайылтуу, бардык сектор үчүн абдан маанилүү маселе болуп эсептелинет. Ошондуктан биздин Компания финансылык билим берүүнү жайылтуу процессин өзүнүн күндөлүк ишмердүүлүгү катары баштады. Биз үчүн, биздин кардарлар финансылык жактан сабаттуу жана насыя алууда өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн эсептей ала тургандай болушу абдан маанилүү. Маалымат алган кардарлар финансылык кызмат көрсөтүүнүн мыкты керектөөчүлөрү болуп калаары, эч кимге жашыруун эмес” – деп, белгиледи “Бай-Түшүм жана Партнерлор” МФКсынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

Бүгүнкү күнү Компания тарабынан марттан баштап майга чейинки мезгил аралыгында өткөрүлгөн пилоттук долбоордун алкагындагы консультацияларга жана тренингдерге 200дөн ашык адам катышкан. Консультациялардын жана тренингдердин негизги милдети болуп, жөндүү карыз алуу, жеке финансылар, үй-бүлөлүк бюджетти натыйжалуу башкаруу жана финансылык пландоонун маанилүүлүгү темаларында кардарлардын көңүлүн бурууга басым жасалгандыгы эсептелинет.  Практикалык тренингдерге катышуучулар карыз алууга карата таразалап ой жүгүртүү жана үй-бүлөлүк бюджетти сарамжалдуу пландоого карата биринчи кадамдарды жасоо   мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Дивазова Г., Компаниянын кардары буларды белгиледи: «Адегенде мени семинарга катышууга чакырышканда, мени эмнеге үйрөтүшмөк эле деп түшүнгөн эмесмин. Мен үчүн абдан маанилүү ачылыш болуп, ар бир адам үнөмдөй ала тургандыгы болду. Мен көп жылдан бери башка уюмдардан насыя алып жүргөм, ал эми  “Бай-Түшүм жана Партнерлор” МФКсынан биринчи жолу  алдым. Мага эч ким насыя алууга карата таразалап ой жүгүртүүнү жана өз акчаңды башкаруу кандай маанилүү экендигин айткан эмес. Бул жерде кардарлар үчүн кам көрөөрү дароо эле билинип турат. Үйгө барганда үйдөгүлөргө өзүнүн келечегин кандай пландоо керектигин сөзсүз түрдө айтып берем”.

Финансылык түзүү боюнча “Келечекти планда” тренинги 2004-2005-жылдары Микрофинансылоо Борбору тарабынан иштелип чыккан жана аз кирешеси бар адамдарга финансылык билим берүүдөгү базалык керектөөнү канааттандырууга багытталган, ошондой эле өзүнө, үнөмдөөнүн маданиятын жана ишкердик ыкмаларын өнүктүрүү, экономикалык билим берүү, таразалап ой жүгүртүп карыз алуу аспекттерин айкалыштырат.