«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы Микрофинансылоо Борбору (MFC) тарабынан иштелип чыккан, «Келечекти пландаштыр» финансылык билим боюнча тренерлер үчүн тренинг (ТоТ) өткөрдү

29.02.2012

Финансылык билимди жогорулатуу боюнча тренинг программасы кирешесинин деңгээли төмөн үй-бүлөлөргө багытталган жана өзүнө экономикалык билимдин аспектилерин жана ишкердик тажрыйбаларды жана ыкмаларды өнүктүрүүнү камтыйт. Программада кирешелерди жана чыгашаларды башкаруу боюнча тажрыйбаларды өнүктүрүүгө, финансылык максаттарды коюуга жана финансылык планды иштеп чыгууга, каражаттарды сактоо ыкмаларына жана мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле карызды акылга салып ойлонуу менен алууга өзгөчө көңүл бурулду.

 «Кыргызстанда микрофинансылоонун өтө тез өнүккөн шарттарында кирешесинин деңгээли төмөн адамдар үчүн финансылык билим берүү боюнча тейлөө кызматтары заманбап келет. Бул үй-бүлөлөргө өздөрүнүн кирешелерин жана чыгашаларын көзөмөлдөөгө, ошондой эле өздөрүнүн каражаттарын натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берет. MFC тарабынан иштелип чыккан программанын өзү, алардын үй-бүлөлүк бюджетин натыйжалуу башкарууга гана жардам бербестен, аны менен бирге алар ал туралуу мурда ойлонуп да койбогон финансылык максаттарга жетишүү менен алар өздөрүнүн келечегин пландаштырууга да жардам берет. Биздин Компания финансылык билим берүү боюнча тейлөө кызматтарын өзүнүн күндөлүк иш-аракеттеринде ишке киргизүүнү пландаштырууда. Биздин кардарлар насыя алуу учурунда финансылык жактан сабаттуу болушу жана бардык «ооба» жана «каршы» дегендерди салмактап анан насыя алышы биз үчүн өтө маанилүү. Маалыматы бар кардарлар финансылык тейлөөлөрдүн ишенимдүү керектөөчүлөрү болуп калышаарын биз жакшы түшүнөбүз, ушундай болушу үчүн албетте, ар бир финансылык уюм умтулат» – деп белгиледи  Гульнара Шамшиева, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКтын Башкы менеджери.

«Мен «Келечекти пландаштыр» тренингинен унутулгус таасир алдым. Эң сонун тандалган программа үчүн биздин Компаниянын жетекчилигине алкыш айткыбыз келет, ал программанын жардамы менен биз финансылык билим берүүнүн концепциясы жана билим берүү ыкмалары менен тааныштык, ошондой эле консультация берүү тажрыйбаларын жакшы билип алдык. Тема кызыктуу, материалдарды берүү ыкмалары жетишээрлик натыйжалуу, көп мисалдар жана ойлонулган абалдар келтирилген, кийинчерээк биздин иште, ушулардын баарынын сөзсүз түрдө пайдасы тиет. Биздин күндөлүк ишке бул долбоорду киргизүү, биздин кардарларга финансылык продуктылар туралуу алардын билимин жакшыртууга, ошондой эле финансылык тейлөө кызматтарын ойлонуп жана өлчөп тандоого машыгууга жардам бере тургандыгына мен ишенем. Ушул жерден баса белгилеп кете турган нерсе, бул ушул программада каражаттарды сактап топтоонун маанилүүлүгү, бул болсо, сөзсүз түрдө, кардарлардын финансылык абалынын жакшы деңгээлге жетүүсүнө оң таасирин тийгизе  тургандыгына карата кардарлардын ишениминин куралдары каралгандыгын баса белгилей кетсек болот» – деп тренинг өткөндөн кийин Жалал-Абад филиалынын улук насыялык адиси, Сайера Файзуллаева баса айтып өттү.

«Келечекти пландаштыр» финансылык билими боюнча тренинги, Ситигруп Фонду  (Citigroup Foundation) тарабынан каржылана турган жана Микрофинансылык Мүмкүнчүлүктөр (Microfinance Opportunities) жана Ачкачылыктан Эркиндик (Freedom from Hunger) уюмдарынын жетекчилиги астында жүргүзүлө турган, ошондой эле жеке изилдөөлөрдүн негизинде,  «Жакырлар үчүн финансылык билим» («Financial Education for the Poor») эл аралык долбоорунун чегинде 2004-2005-жж. Микрофинансылоо Борбору (Microfinance Centre (MFC) тарабынан иштелип чыккан. «Келечекти пландаштыр» билим пакети өтмө экономикасы менен болгон өлкөлөрдөгү кирешесинин деңгээли төмөн элдин финансылык билимге болгон базалык керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган.