«Бай-Түшүм» Банкы «Автомаш-Радиатор» ЖЧК тарабынан уюштурулган, “Талаа күнүнө” катышты

05.07.2013

2013-жылдын 1-июлунда Чүй областынын Комсомольское айылындагы “Ростик” дыйкан чарбасынын талаасында, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катышуусу менен «Автомаш-Радиатор» ЖЧК тарабынан уюштурулган, талаанын биринчи кыргыз күнү белгиленди.

Иш чаранын максаты – Чүй областынын дыйкан жана фермерлер чарбаларынын жетекчилерине, айыл өкмөттөрдүн башчыларына, ишкерлерге жана агробизнестин өкүлдөрүнө талаа шарттарында айыл чарбалык заманбап техникалардын ишин көрсөтүү болду. Өткөрүлгөн иш чарада Беларусиядан жана Россиядан алдыңкы өндүрүшчүлөрдүн техникалары: «Беларусь» тракторлору, «Палессе GS 812» комбайндары, заманбап соколор, культиваторлор, чалгылар, пресс-подборщиктер, жер семирткичтерди чачуучулар, ошондой эле эң жогорку талаптарга ылайык келген талаа операцияларын жүргүзүүгө жөндөмдүү чачкычтар жана үрөн сепкичтер көрсөтүлдү.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы да иш чарага активдүү катышты. Банктын адистери лизинг жана башка банктык кызматтар боюнча баардык каалоочуларга консультацияларды беришти. Техникаларды жаңыртуу аркылуу айыл чарбалык секторду колдоо максатында, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы менен «Автомаш-Радиатор» ЖЧК биргелешип, жетүүгө боло турган лизингдик программаны иштетип жатышат, ал пайдалуу шарттарда узак мөөнөткө айыл чарбалык техникаларды сатып алуу үчүн каржыларды алууга ишкерлерге мүмкүндүк бере тургандыгын белгилей кетсек болот.

«Ушул лизингдик программанын чегинде фермердик чарбалар жана айылдык кооперативдер лизингге, 10 млн. сомго чейин, 5 жылдык мөөнөтү менен россия жана белоруссия өндүрүшүнүн жабдууларын сатып ала алышат. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы техниканын наркынын 70% чейин, ошондой эле, эгерде, күрөөгө ликвиддүү кыймылсыз мүлк коюлган учурда, нарктын 100% каржылай алат” – деп белгиледи «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФ Банкы ЖАКнын Башкы менеджери Гульнара Шамшиева.

Иш чаранын катышуучулары Банктын өкүлдөрүнө кызыккан суроолорду берүүгө жана адистердин өздөрүнүн ооздорунан консультацияларды алууга мүмкүндүк алышты.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы Банкы ЖАКы жөнүндө

«Бай-Тушум жана Партнерлор» ACDI/VOCA өнүктүрүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 12 жылдан бери иштеген уюм, 112 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.