«Бай-Түшүм» Банкы Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо боюнча KyrSEFF Программасынын өнөктөшү болду

06.02.2014

Энергия булактарынын алсызданышы жана аны колдонуу баасынын туруктуу өсүп бара жаткандыгы, Кыргызстанда энергетикалык коопсуздук көйгөйлөрү убакыт өткөн сайын улам курчуп жана актуалдуу болуп бара жаткандыгын далилдеп турат. Энергонатыйжалуулук көйгөйүнүн маанилүүлүгүн эске алып, «Бай-Түшүм» Банкы Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо боюнча Өнүгүүнүн жана Реконструкциялоонун Европалык Банкы тарабынан иштелип чыккан KyrSEFF Программасынын өнөктөшү болду. Программанын максаты–энергонатыйжалуу модернизациялоону жана турак үйлөрдөгү, ишканалардагы энергокеректөөнү кыскартуу үчүн финансылык жана техникалык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

 «Бай-Түшүм» Банкы бул программанын алкагында заманбап жабдууларды жана материалдарды инвестициялоо үчүн насыяларды жана гранттарды берүү программасын өз ичине камтыган насыя багытына кошулду. Насыялар жана гранттар калкка, турак жай, өнөр жай жана коммерциялык секторлордогу жекече компанияларга, бир нече адамдар кирген топторго жана турак жай ээлеринин бирикмелерине багытталган. Программанын эң сонун өзгөчөлүгү энергонатыйжалуулук жана энергиянын жаңыланып туруучу булактары долбоорун инвестициялоону каалагандар үчүн шыктандыруучу иретинде насыянын жалпы суммасынан 10 пайыздан 35 пайызга чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет. Буга кошумча KyrSEFF программасынын насыячыларына кеп-кеңеш,техникалык жардам акысыз көрсөтүлөт. Гранттар Европа Союзунун Борбордук Азия үчүн (IFCA) бөлүнгөн донордук акча каражатынын эсебинен финансыланат.

«Биз Кыргызстан калкынын турмуш шартын жакшыртууга энергияны натыйжалуу жана туруктуу колдонууну жайылтуу аркылуу өз салымыбызды кошуп жаткандыгыбызга кубанычтабыз. Энергонатыйжалуулуктун жогорулашы кыргызстандыктардын энергокеректөөгө болгон чыгымдарын кыскартууга жана ресурстарды натыйжалуу колдонуу боюнча жаңы технологияларды ишке киргизүүгө жана экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө болмокчу,- деп белгиледи «Бай-Түшүм» Банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.- KyrSEFF программасынын алкагында биздин Банк «Энергосарамжал» жаңы продуктусун иштеп чыкты, натыйжада биздин кардарлар үйлөрүндө, квартираларында ыңгайлуу шарттарды түзүүдө энергосактоочу терезелерди, жылыткычтарды орнотуу, дубалдарды, полду жана чатырларды жылуулоо үчүн пайдалуу каржылоо алууга мүмүкүнчүлүк алышты. Өндүрүштүк жаңы жабдууларды алууга, имараттарды жана курулуштарды оңдоого жана реконструкциялоого насыяны жана грантты бизнесин кеңейтүүнү жана өндүрүштүк ишти модернизациялоону көздөгөн ишканалар да ала алышат.Программанын бардык шарттарын аткарган учурда, кардар насыянын жалпы суммасынан 35 пайызга чейин KYRSEFFтен ГРАНТ алат. Ушул негизде кардар насыя боюнча пайыздык чыгымдарды гана жаппастан, утушка да ээ болот”.

«Бай-Түшүм» Банкы жөнүндө

«Бай -Түшүм» америкалык ACDI/VOCA эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм» Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын банктык толук лицензиясын алган Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болду. Банк 13 жылдык ишинде жалпы активи 130 миллион АКШ доллары көлөмүн түзгөн Кыргыз Республикасындагы эң ири микрофинансы институттарынын бирине айланды. «Бай-Түшүм» Банкы бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасындагы эң ири жети банктын катарына кирет жана 32 миңден ашуун кардарларга кызмат көрсөтөт.

Маалымат:

Энергияны үнөмдөөдөгү негизги факторлордун бири-энергияны сактоо. Республикабызда жылуулукту жоготуунун негизги булагы- турак жай жана коомдук жайлар болуп эсептелет, аларды жылытууга өлкөбүздүн отун-энергетикалык ресурстарынын 50 пайызы сарпталат. Ушул жагдайда энергокеректөө бизде Европа мамлекеттеринин көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 3- 5 эсе жогору. Жалпы республиканын масштабында турак үйлөрдө жана коомдук жайларда энергонатыйжалуулукту жогорулатуунун эсебинен энергоүнөмдөөнүн чыныгы кубаттуулугу 4-5 млрд.кВт.с. түзөт, а бул биздин коомдун миллиарддаган сом чыгымы болуп жатпайбы. Өнүккөн өлкөлөрдүн турак жана коомдук жайларда энергокеректөөнү (электрдик, жылуулук энергиясы, газ, көмүр кошкондо) бир чарчы метрге жылына 20 кВт.с.жеткирүүгө умтулуп жатышкандыгын эл аралык практика көрсөтүүдө. Эгерде бул көрсөткүчтү багыттама катары ала турган болсок, анда өлкөбүздөгү энергияны үнөмдөө кубаттуулугу бир жылга 13 млрд.кВт.с.түзүүсү мүмкүн