«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК Кыргызстандагы эң биринчи микрофинансылык уюмдардын арасынан мөөнөттүү депозттерди кабыл алууну баштаган

05.09.2011

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы, элден мөөнөттүү депозиттерди кабыл алууга карата КРУБдан лицензия алган Кыргызстандагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калуу менен  өзүнүн өнүгүшүнүн жаңы этабына өттү. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы рыноктун 22% ашык үлүшүн камтуу менен өлкөнүн үч ири микрофинансылык уюмдарынын арасына кирген, ишенимдүү жана туруктуу өсүп келе жаткан компания болуп саналат. Мына 10 жылдан ашык убакыттан бери өзүнүн ишинде бизнести таза ачык жүргүзүү, жогорку профессионалдуулукту жана сапаттуу сервисти көрсөтүү менен «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы өзүнүн туруктуу өнүгүшүн жана ишенимдүүлүгүн, ошондой эле анын баркы Кыргызстанда эле эмес, эл аралык рынокто да өзүнүн кынтыксыз кадыр-баркы бар экендигин көрсөтүп келе жаткан уюм.Компания тарабынан көрсөтүлө турган депозиттик продуктылар, кардарлардын керектөөлөрүн эсепке алуу менен иштелип чыккан жана: пайыздык чендери пайдалуу, жайгаштыруунун ыңгайлуу ставкалары жана шарттары, ошондой эле ай сайын кирешелерди толуктоо жана алуу каралган. Депозит сыяктуу ушундай маанилүү тейлөө кызматтарын көрсөтүү, Компаниянын аймактарга активдүү киришин улантууга жана айыл жерлериндеги элдердин финансылык билимин жогорулатууга өзүнүн салымын кошууга мүмкүндүк берет.

«Аманат – бул микрофинансылоо менен кедейликти жоюунун бирден бир маанилүү куралы болуп саналат. Биздин кардарлардын көпчүлүгү – бул, кирешелери төмөнкү деңгэлдеги адамдар, алар үчүн өздөрүнүн акчаларын башкарууда ишенимдүү курал болуп саналат. Биздин кардарларда өздөрүнүн күндөлүк пландарын: балдарын окутууга, дарыланууга, үйүн оңдоого, салтанаттуу иш чараларды жүргүзүүгө кепилденген салымдарынын болушу мүмкүндүгү пайда болот. Жана аманаттарды жайгаштыруудан алынган кирешелер, акыры алардын бизнесин кеңейтүүдө, ошондой эле  башка күтүүсүз абалдарда Компаниянын кардарларына жардам берет», – деп белгиледи Компаниянын Башкы менеджери Гульнара Шамшиева.