«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК Кыргызстандагы эң биринчи микрофинансылык уюмдардын арасынан депозттик лицензиясын алган

01.08.2011

Кыргызстанда 10 жылдан ашык убакыттан бери өз иш-аракетин жүргүзүп келе жаткан «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы компаниясы  2011-жылдын 15-июлунда депозиттик линиясын алган биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. Кыргызстандагы микрофинансылоо башынан эле жакырдыкты жоюуга жана жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү боюнча курал катары таанылса, бүгүнкү күндө аманаттарды кабыл алуу сыяктуу маанилүү продуктту ишке киргизүү менен өзүнүн динамикалык өнүгүүсүнүн жаңы этабына чыкты.Ошентип, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы өзүнүн күндөлүк иш-аракеттеринде өзүнүн социалдык миссиясын ишке ашыруу менен стабилдүү өнүгүү жана чет өлкөнүн капиталын тартуу этабында болуу менен продукттук багытын кеңейтүү аркылуу, тактап айтсак, өзүнүн кардарлары үчүн аманаттарды кабыл алуу боюнча тейлөө кызматтарын көрсөтүү аркылуу аймактарга чыгууну улантат.

Аманаттарды кабыл алууну ишке киргизүү, айыл жерлеринде финансылык билиминин деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле азыркыга чейин эле депозиттик эсептерде эркин акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча тажрыйбасы жок элдин акчаларын сактоо маданиятын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Жакын арада ишке киргизиле турган аманаттар кардарлардын керектөөлөрүн эсепке алуу менен иштелип чыкты, ошондой эле айыл жерлеринде бизнестин сезондуулугу эске алынат.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» депозиттик лицензияны алуу менен төмөн деңгээлдеги кирешелери менен болгон кардарлар үчүн финансылык кызматтар тармагын кеңейте турган, өлкөдөгү биринчи микрофинансы компания болот жана финансыны тартуу максаттары үчүн орчундуу салымын алып келет», деп белгиледи Рольф Берндт, Европада жана Борбордук Азиядагы  IFC консультациялык программалардын финансылык рыноктору боюнча бизнестик багыттардын  Аймактык жетекчиси. «Жакыр эл үчүн жана микрофинансылоо үчүн жагымдуу мыйзамдык базаны түзүүгө көмөктөшүү менен финансылоого карата жетүүнү кеңейтүүгө жардам берүү менен IFC Борбордук Азиядагы микрофинансылык уюмдар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен кызматташат».

Керектүү насыялоо түрүндө финансылык ресурстар менен камсыздандыруу, бул аймактардагы майда ишкердикти өнүктүрүүнү колдоонун бир гана түрү экендигин белгилей кетүү керек. Микрофинансылоонун дагы бир маанилүү түзүүчүсү, кичи жана орто бизнес менен иш алып барган, аманаттары бар болушунун маанилүүлүгүнө карата айыл жерлериндеги элдин түшүнүктөрүн жеткире түзүүдөгү иш болуп саналат.

«Айыл жерлеринде калктын финансылык билими дагы деле төмөн деңгээлде, аймактарда акча сактоо маданияты жок. Биздин негизги маселе, бул өздөрүнүн акчалары менен туура башкарууга элди үйрөтүү, ошондой эле акча каражаттарын алардын пландарын ишке ашырууга карата сактоого аларды үйрөтүү. Депозиттер, бул жакырдыкты жоюунун куралы катары – микрофинансылоонун маанилүү продуктуларынын бири экендигин баса айткым келет. Балдарын окутуу, эмгек өргүүгө чыгуу, дарылануу, жана жөн гана күтүүсүз учурлардагы «коопсуздуктун кепилденген жаздыгы» менен байланышкан өздөрүнүн чыгашаларын пландаштырууну билүү өтө маанилүү» – деп белгиледи «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКнын Башкы менеджери Гульнара Шамшиева.

ACDI/VOCA америкалык НПО тарабынан жүргүзүлгөн, «Food  for Progress» монетизациялоо программасынын чегинде эл аралык долбоор катары 1997-жылы өзүнүн иш-аракеттерин баштоо менен микрокредиттер рыногунда «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК 2000-жылдан тартып иштеп келе жатат.  Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы микрофинансылык сектордун лидерлеринин бири болуп саналат жана өлкөнүн үч ири микрофинансылык уюмдарынын арасына ишенимдүү кирет. Компаниянын өнөктөштөрүнүн арасында: Эл аралык Финансылык Корпорациясы (IFC), USAID, Европанын Реконструкциялоо жана Өнүгүү Банкы, GIZ,  Blue Orchard S.A.,  Symbiotics S.A, Oiko Credit, Triple Jump, Developing World Market, Frontiers, Global Microfinance Facility, Hivos Triodos Investment  жана башкалар. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК миссиясы – бул жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшкөн жана өзүнүн кардарларынын жана инвесторлорунун кызыкчылыктарына жооп бере турган, айыл жана шаар жерлеринде адамдар жете ала турган микрофинансылык тейлөө кызматтарын көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө салымын кошкон ишенимдүү финансылык партнер болуп саналат.