«Бай Түшүм» Банкы пенсионерлерди Карылардын эл аралык Күнү менен куттуктады

01.10.2015

1-октябрда Бүткүл дүйнө жүзү боюнча, улгайып калган адамдардын тагдырына кайдыгер карабаган бардык элдерди бириктирип турган Карылардын эл аралык Күнүн белгилешет. Бул күнү колдоого жана жардамга муктаж болгон карыларга өзгөчө көңүл бурулат.

«Бай Түшүм» Банкы ушул майрамдын урматына салтка айланып калган, бүткүл республикабыз боюнча 500 адамды камтыган кайрымдуулук акциясын өткөрдү.

Жалгыз жашаган кары адамдарга, ардактуу пенсионерлерге, карылар үйүнө жана интернаттарына Банк азык-түлүк салынган пакеттерди таратты. Нарын жана Талас облустарында Банк мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте Карылардын эл аралык Күнүнө карата уюштурулган иш-чараларга колдоо көрсөттү.

Банктын башкы офисинин кызматкерлери «даамдуу белектерди» даярдашып, улуу апаларга, аталарга барып учурашып, аларга өздөрүнүн сый-урматын көрсөтүп, карылардын эл аралык майрамы менен куттуктап келишти.

«Бай-Түшүм» Банкы мамлекет жана башка уюмдар тарабынан жетиштүү түрдө колдоо көрсөтүлбөй калган, жардамга өтө муктаж болгон адамдарга туруктуу негизде жардам көрсөтүп келет. Акыркы беш жылдын аралыгында эле Банк балдарга жана балдар үйлөрүнө, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана демөөрчүлүк жардам көрсөттү, аймактардын экономикалык кубаттуулугун көтөрүүгө өбөлгө түзө турган 7 социалдык маанилүү долбоорду ийгиликтүү каржылады. Ушул багытка жумшалып жаткан каражаттын жалпы суммасы акыркы беш жылдын аралыгында эле 11 млн. сомду түздү. Бул көрсөткүч Банк үчүн чек эмес, кайрымдуулук багытында демөөрчүлүк жардамдар мындан ары да көрсөтүлө бермекчи.