«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкында “Жайында CONTACT менен” акциясы

18.06.2013

2013-жылдын 15-июнунда «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы Contact төлөм системасы менен биргелешип, “Жайында CONTACT менен” аттуу акциясын ишке киргизди.

Россияга акча которууларды жөнөтө турган «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын кардарлары үчүн жайкы акциянын чегинде, атайын арзандатуулар ишке киргизилди – акча которуунун акысы үчүн комиссиянын кайсы бир бөлүгүнүн 50% өлчөмү жөнөтүүчүнүн мобилдик телефонунун эсебине акча каражаттар түрүндө кайтарылат.

Шашылыңыз! “Жайында CONTACT менен” акциясы, 2013-жылдын 31-августуна чейин гана уланат!

CONTACT төлөм системасы аркылуу акча которууларды, Сиз бүтүндөй Кыргызстан боюнча «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын каалаган кеңсесинен жүргүзө аласыз.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы жөнүндө

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы ACDI/VOCA өнүгүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 12 жылдан бери иштеген уюм, 112 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.

CONTACT төлөм системасы 1999-жылдан тартып иштейт, 0001 номери менен РФнын ББнын төлөм системаларынын операторлорунун бирдиктүү реестринде катталган. CONTACTтын өнөктөштөрү болуп, Россиянын жана дүйнөнүн 900дөн ашык финансылык институттары болуп саналат, алар 110дон ашык өлкөлөрдө, 270 000ден ашык түйүндөрү – тейлөө пункттарынын жайылган торун түзүшөт. CONTACT системасы, 850дөн ашык юридикалык жактардын – коммерциялык банктардын, соода ишканаларынын, камсыздандыруу жана туристтик компаниялардын жана алардын агенттеринин, интернет-провайдерлердин, байланыш операторлорунун жана башкалардын дарегине төлөмдөрдү жүргүзөт. Системанын кызматтары менен дүйнө жүзү боюнча миллиондогон кардарлар колдонушат. CONTACT системасы, 2011- жана 2012-жылдары «Акча которуулар» категориясында «Россияда №1-Марка» деп аталган жалпы россиялык конкурстун жеңүүчүсү, ошондой эле бизнес тармагында «2012-жылдын Компаниясы» деген Улуттук сыйлыктын лауреаты болуп саналат.