«Бай Түшүм» Банкы «Кыргыз Республикасында аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» конференциясына катышты

05.03.2016

4- мартта «Бай Түшүм» банкы «Аялдар ишкерчилигин колдоо» долбоорун турмушка ашыруунун ортолук баяндамасына арналган «Кыргыз Республикасында аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» конференциясынын ишине катышты. Долбоор Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги жана Өнүгүүнүн Азиялык банкы тарабынан демилгеленип, 2013-жылдан бери «Бай Түшүм» банкы жана башка финансылык мекемелер тарабынан турмушка ашырылып келе жатат.

Конференциянын алкагында аялдардын экономикалык кубаттуулугун жогорулатууга, аялдар ишкерчилигин өнүктүрүүдө мамлекеттин жана бизнес- ассоциациялардын ролуна, мындан тышкары финансылык сабаттуулукка байланышкан маселелер талкууланды. «Бай Түшүм» банкы ишке ашырылып жаткан долбоордун ортолук жыйынтыгына  конференциянын катышуучуларынын назарын бурду. Бүгүнкү күндө бул долбоордун алкагында «ИшкерАйым» продуктусу боюнча 42 аял 11 млн. сомдон ашуун суммага каржыланышты, бизнес-пландоо, бюджеттөө, финансылык сабаттуулук жана маркетинг боюнча 100дөн ашуун адам окуулардан өтүштү. Банк тарабынан тигүү цехтерин, бала бакчаларын, канаттуулардын чакан  фабрикаларын ачышкан аялдар каржыланышты, орто көлөмдөгү күнөсканаларды жана кондитердик азыктардын өндүрүшүн  курушкан аялдар да бар.

«Бай Түшүм» банкы ишкер-аялдарды алардын өз бизнестерин негиздеген күндөн бери колдоп келе жатат. Атайын долбоорлорду ишке ашыруу учурунда, аялдардын ишкерчилигн колдоо максатында ишке берилген жаңы продуктуларды ишке берүүдө биз жеңилдетилген каржылоону берүү жетишсиз экендигин түшүндүк. Атайын окууларды өткөрүү зарыл экендигин иш жүзүндө көрүп жатабыз. Ушул себептүү акыркы 3 жылдан бери биз өз ичине окууларды камтыган долбоорлорду ишке берүүдөбүз. Окуулардын жүрүшүндө алынган билим жакшы натыйжаларды берип жаткандыгын белгилей кетким келет. Бул долбоордун алкагында «Бай Түшүм» банкынан насыя алышкан аялдар 73 жумушчу орунун түзүштү, алардын бизнестери ийгиликтүү өнүгүп келе жатат. Мындан тышкары мен, аялдар өз бизнестерин жүргүзүүдө жана аны андан ары өнүктүрүүдө квалификациялуу персоналдарды жалдоо жана технологиялар багытындагы билимдин жетишсиздиги сыяктуу кыйынчылыктарга туш болуп жатышкандыктарын айткым келет. Бул тигүү жана мейманканалар бизнесин ачууда жана күнөсканаларды курууда өзгөчө көбүрөөк байкалууда. Ушул себептүү Кыргызстанда атайын окутуу борборлорун ачуу багытында чараларды көрүү зарыл»,-деп айтты Башкармалыктын башчысынын биринчи орун басары Нургүл Төрөбаева.

Программанын катышуучусу Козубаева Каныкей: «Менде мурда бизнести кандайча өнүктүрүү жана аны кандайча натыйжалуу башкаруу боюнча билимим жетишсиз эле. Менин бизнесим өнүгө алган эмес, аны кантип өнүктүрүүнүн жолун билбей тургам. Программадагы окууну аяктаган соң, мен эң башкысы насыя алуудан коркуу сезиминен арылдым. Мен тигүү машиналарын сатып алуу үчүн насыя алдым, 4 тигүүчүнү ишке алдым жана Ош шаарындагы базардан соода точкасын ачтым. Мындан башка менин цехимде оор кырдаалдарга туш болушкан аялдар-жалгыз бой энелер, жесир калгандар иштешет. Азыркы күндө менин бизнесим жакшы өнүгүп жатат. Насыяны өз убагында төлөп турууга каражат жетиштүү. Финансылык сабаттуулук жана бизнес жүргүзүү багытында окутуу программалары көбүрөөк болсо, аялдар насыя алуудан тартынышпай клаар эле деп ойлойм», – деп айтты.