«Бай-Түшүм» Банкы жана ААК «Жер Азыгы» «Өз бизнесиңди башта» конкурсун жарыялайт

08.01.2015

Кыргызстандын түштүгүндөгү урматтуу ишкер-айымдар!

«Бай Түшүм » Банкы жана ААК «Жер Азыгы» «Өз бизнесиңди башта» конкурсун жарыялайт жана Сиздерди активдүү катышууга чакырат. Конкурс 2014-жылдын 1-декабрынан баштап старт алат.

Конкурстун максаты-Кыргызстандын түштүгүндөгү аялдардын инновациялык бизнес-идеяларын,мыкты бизнес пландарын ачыкка алып чыгып жана аларды колдоо жолу менен экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн алга сүрөө болуп эсептелет.

Конкурстун башкы демөөрчүсү болгон «Бай Түшүм » Банкы конкурстун жалпы байгелик фондун 1миллион сом өлчөмүндө бекитти!Конкурс Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу аркылуу жүргүзүлүүдө.

Бардык суроолор боюнча Сиз конкурстун ыкчам тобуна:+996(3222)5 53 94;(312)905 805 телефондору боюнча кайрылсаңыз болот.

Катышуу үчүн Анкета

Анкетаны толтуруу боюнча инструкция