Кыргызстандын Президентинин патронажынын алдында өткөрүлгөн, микрофинансылоо боюнча Борбордук Азиялык саммитине «Бай-Тушум жана Партнерлор» компаниясы демөөрчү болуп чыкты

11.07.2011

7-июлда Кыргызстанда микрофинансылоо боюнча Борбордук Азиялык Саммити өттү, анда демөөрчүлөрдүн бири болуп,  «Бай-Тушум жана Партнерлор» компаниясы чыкты. Саммитте Кыргызстандан, Тажикстандан, Россиядан, Монголиядан, Казахстандан, Белоруссиядан, АКШдан жана Европа өлкөлөрүнөн консультанттар-практиктер, инвесторлор, донорлор жана алардын өкүлдөрү активдүү катышышты. Саммиттин уюштуруучулары болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы, Микрофинансылык уюмдардын Ассоциациясы, ошондой эле  «Uniglobal» чех компаниясы чыгышты.Саммит, аймактарда  микрофинансылоонун ийгиликтүү тажрыйба алмашуусуна,  Кыргыз Республикасында микрофинансылоону жүргүзүүгө жана көбөйтүүгө карата тышкы жана ички донорлорду тартууга арналган. Саммитте, талкулоо үчүн төмөнкүдөй актуалдуу проблемалар: микрофинансылоо үчүн экономикалык жана социалдык максаттар, инвестициялоо механизмдери, ликвиддүү эмес жана өзгөрүлмө рыноктордогу валюталык хеджирлөө, калктын финансылык билимин жогорулатуу, ошондой эле насыялоодогу технологиялык жана инновациялык жаңылыктарды ишке киргизүүлөр сыяктуу проблемалар көтөрүлдү.

Борбордук Азиялык саммиттин ишинин чегинде  Европанын Реконструкциялоо жана Өнүгүү Банкы жана  «Бай-Тушум жана Партнерлор» МФК ЖАКнын ортосунда насыялык келишимине кол коюлду, ага ылайык ЕБРР Компанияга 270 млн. сом (АКШнын 6 млн. долларына жакын) өлчөмдөгү насыя бөлүп берди.