«Бай-Түшүм» Банкына Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести насыялоо үчүн 10 миллион АКШ доллары бөлүндү

14.12.2014

Реконструкциялоонун жана Өнүгүүнүн Европалык Банкы «Бай-Түшүм» Банкына 2 млн. АКШ долларын бөлүп берди жана Немецтик финансылык өнүгүү институтунан (НФӨИ) 8 млн. АКШ долларын тартып келүүгө көмөктөш болду.

РӨЕБ (Реконструкциялоонун жана Өнүгүүнүн Европалык Банкы) Кыргыз Республикасындагы өзүнүн өнөктөш-банктарынын бири – «Бай-Түшүм» Банкы үчүн 10 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык пакетти даярдады. НФӨИ РӨЕБ менен бирге Банк үчүн насыяны биринчи жолу берүүдө.

«Бай-Түшүм» Банкы РӨЕБнан 2 млн. АКШ доллары суммасындагы насыяны улуттук валюта –сом менен алды. Калган 8 млн. АКШ долларын НФӨИ камсыз кылмакчы. Бул акча каражаты Кыргызстандагы кичи, чакан жана орто бизнести насыялоо үчүн колдонулат.

«Бай-Түшүм» Банкы микронасыялоо рыногунда 14 жылдан ашуун мезгилден бери иштеп келе жатат. «Бай-Түшүм» Банкы РӨЕБдин жана KfW-Германиялык Өнүгүү Банкынын узак мезгилден берки өнөктөшү болуп саналат. Ушундан улам бүткүл өлкө боюнча чакан жана орто бизнес ишкерлерин камтууга кеңири мүмүкүнчүлүгү бар. Бул Борбордук Азияда ийгиликтүү түрдө банкка айланган эң биринчи микрофинансылык уюм. «Бай-Түшүм» Банкы бүгүнкү күндө 65 офистер тармагы менен Кыргызстандагы орто жана чакан бизнести каржылап жаткан ири институттардын бири болуп саналат.

«Бай-Түшүм» Банкы үчүн эсеп боюнча тогузунчу жолу берилип жаткан жаңы насыя аркылуу РӨЕБ жергиликтүү чакан жана орто бизнес тарабынан улуттук валюта менен насыялоого жогорку талап бар экендигин аныктайт»,-деп айтты РӨЕБдин Бишкектеги офисинин башчысы Лариса Манастырли кол коюу учурунда.

«Биз НФӨИден бир кыйла акча каражатын кошо алгандыгыбызга кубанабыз, муну менен биз өзүбүздүн өнөктөш-банкыбызга каржылоонун булагын диверсифицирлөөгө жардам бере алдык»,- деп айтты РӨЕБдин синдицирленген насыялар командасынын Башкы банкири Музафар Жухуров.

Тилман Круз, НФӨИнин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча директору: «НФӨИ «Бай-Түшүм» Банкы үчүн биринчи насыяны берип жаткандыгына сыймыктанат. Биздин каржылообуз Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто бизнестин мындан ары да өнүгүшүнө көмөкчү болмокчу, муну менен экономикалык өнүгүүдөгү негизги тоскоолдуктардын бирин чечүүгө жардам берүүдөбүз»,-деп айтты.

«Кыргызстандагы жергиликтүү валюта менен каржылоонун жетишсиздигин эске алып, бизге сом менен орто мөөнөттүү каржылоого РӨЕБдин колдоо көрсөткөндүгүн жогору баалайбыз,- деп айтты «Бай-Түшүм» Банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.- Ошондой эле, биздин аймактагы белгилүү институт болгон НФӨИ менен кызматташууга биз кубанычтабыз. Бул кызматташуу экономикалык өнүгүүнүн негизги сегменти болуп эсептелген чакан жана орто бизнести каржылоону кеңейтүүгө жардам берет, анын өнүгүшүнө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болмокчу».

Тактама маалымат:

РӨЕБ өз ишмерчилигинин башталышынан бери Кыргыз Республикасына экономиканын көптөгөн ар түрдүү багыттары боюнча 118 долбоорго 592 млн.дон ашуун АКШ долларын инвестициялаган.

 «Бай-Түшүм» Банкы өз ишмерчилигин 1997-жылы ACDI/VOC-америкалык өкмөттүк эмес уюм тарабынан өткөрүлгөн «Food for Progress», монетизациялоо программасынын алкагында эл аралык долбоор катары баштоо менен, финансы рыногунда 2000-жылдан бери иштеп келе жатат. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм» Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын толук банктык лицензиясын алган Борбордук Азиядагы эң алгачкы микрофинансылык уюм болду. 13 жылдык ишмерчилигинде уюм жалпы активинин өлчөмү 8,1 млрд. сом болгон Кыргыз Республикасындагы ири финансы институттарынын бирине айланды. Бүгүнкү күнү «Бай-Түшүм» Банкы 32 миңден ашуун кардарга кызмат көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасындагы эң ири алты банктын бири болуп эсептелет.