«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКы Борбордук Азиянын микрофинансылык уюмдарынын ичинен биринчи болуп, банк лицензияларын алууга КРУБдан алдын ала уруксат алды

26.09.2012

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКы Борбордук Азиянын  микрофинансылык уюмдарынын ичинен банк операцияларын улуттук жана чет элдик валютада жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынан алдын ала уруксат алган биринчи компаниялардан болду. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк алгандан кийин жана КРУБ тарабынан орнотулган талаптарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамын аткаруу менен «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы элге банк кызматын толугу менен тартуулоого кирише алат.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» микрофинансы банкы, өзүнүн ишмердүүлүгүндө үч негизги багыттарга басым   жасайт: сурам болгон жана кардарларга пайда алып келген банк кызматтарын киргизүү, сапат, кесипкөйлүк жана тейлөөнүн ылдамдыгы, ошондой эле, технологиялык жана операциялык натыйжалуулукту көтөрүү жана сактоо. Ошондуктан, ишмердүүлүктүн алкагында инновациялык технологияны киргизүүгө  өзгөчө көңүл бөлүнөт, анын ичине кардарлар үчүн аралыктан тейлөөнү уюштуруу кирет. Банк, өзгөчө аймактарда, бизнестин өзгөчөлүгүнө багытталган атайын сунуштарды киргизүү менен чакан жана орто бизнести колдоо боюнча насыялоо программасын кеңейтүүгө ниеттенет.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКынын Башкы менеджери Гульнара Шамшиева төмөнкүлөрдү белгиледи: «Банк лицензиясын алуу, Компаниянын бизнес-стратегиясын ишке ашыруу жолунда маанилүү жетишкендиктер болуп саналат,  ал туралуу чечим 2005-жылы эле кабыл алынган. Ушунусу менен банк болуп кайра түзүлүүгө КРУБдан уруксат алган сектордун ичинен салттуу түрдө биринчи микрофинансылык уюм болгон «Бай-Түшүм жана Партнерлор», ыкчам өнүккөн жана каржы жагынан туруктуу компания болуп эсептелинет. Микрофинансылык банк катары биз өзүбүздүн социалдык миссиябызды гана сактабастан, жаңы долбоорлорду киргизүүнү жана элдин социалдык жактан начар катмарына колдоо көрсөткөн колдонуудагы долбоорлорду кеңейтүүнү уланта бермекчибиз. Бул жашоо шартын жакшыртуу, энергиянын альтернативдик  булактарын каржылоо, аял ишкерлерди колдоо жана башкалар боюнча долбоорлор. Ошону менен айыл жергесинин тургундары ишенимдүү, заманбап жана инновациялык банк кызматтары менен пайдаланууга мүмкүндүк алышат, ал эми «Бай-Түшүм жана Партнерлор» банкынын ишмердүүлүгү банк системасына болгон элдин ишеничин көтөрүүгө өбөлгө түзөт».

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы микрофинансылоо рыногунда 11 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келет. Ушул убакыттын ичинде 134 миң кыргызстандыктар 11,6 млрд. сом суммасында насыя алышкан. Бүгүнкү күндө компания, микрофинансылоо сектордун ичинен ири компаниялардын үчилтигине кирет жана насыя секторунун баштыгындагы жалпы көлөмдүн 20%га жакын үлүшүн ээлейт, ошондой эле  бир гана Кыргызстанда эмес, бүтүндөй Борбордук Азия боюнча кынтыксыз зоболого ээ болгон туруктуу жана таза компания болуп эсептелинет. Бүгүнкү күндө компаниянын бүтүндөй республика боюнча  63 кеңсеси бар, алардын көбү (80% көбү) өлкөнүн аймактарында жайгашкан. 2011-жылдын 15-июлунда «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы кыргыз  микрофинансылоо уюмдарынын ичинен биринчилерден болуп депозиттик лицензияны алды.