Банк Кыргызстандын биринчи экологиялык «Тоо токой/Горный лес» форумунун демөөрчүлөрүнүн бири катары чыгууда

11.04.2018

«Бай Түшүм» банкы Бишкекте 14-апрелде өтө турган Кыргызстандын биринчи экологиялык «Тоо токой/Горный лес»  форумунун  («Тоо токой» Экологиялык форуму) демөөрчүлөрүнүн бири катары чыгууда.

Форум өлкөбүздүн келечегин аныктай турган темаларды көтөрөт:

? Айыл чарбачылыгын жүргүзүүдөн пайда алууну кантип максималдаштырууга болот?

? Кыргызстандын токойлорун катип сактайбыз жана өлкөнүн кубаттуулугун кандайча жогорулата алабыз?

? Экономиканын азыркы шартында экологиялык принциптер боюнча айыл чарбасын кантип жүргүзүүгө болот?

Экология, токой жана айыл чарба жерлери, о.э. биздин мамлекетибиздин экономикалык жана социалдык өнүгүшү боюнча маселелер жан дүйнөсүнө жакын болгон ар бир адамды форумга катышууга чакырабыз.

✔ Катышуу үчүн бул шилтеме боюнча катталууга болот:   https://bit.ly/2G8ZsBM.

  • Өткөрүүнүн датасы: 14- апрель
  • ? Орду: Бишкек, «Орион» отели

? Маалымат үчүн телефон : 0 779 12 79 97