Банк банктык продуктуларды сатуу боюнча бөлүмгө практикант-стажерлорду кабыл алууда

13.10.2017

Бул окутуучу программа  банк тармагында карьерасын курууну кыялданышкан жаштарга багытталган. Программадан ийгиликтүү өткөн учурда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү каралган. Жаштарга жогорку окуу жайларынан алууга мүмкүн болбогон билимди жана ар тараптуу тажрыйбаны алууга биз жардам беребиз.

Стажерлуктун мөөнөтү практиканттын жөндөмдүүлүгүнө жараша 2 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө созулушу мүмкүн. Иш тартиби—дүйшөмбүдөн жума күнгө чейинки толук жумуш күнү.

 Кандидаттарга коюлуучу талаптар:

? Жогорку билими, экономика тармагы боюнча болгону жакшы

?Логикалык ой жүгүртүүсүнүн болушу

? Сатуулар боюнча тажрыйбасынын болушу

? Орус жана кыргыз  тилдерин билиши (англис тилин билиши – артыкчылык катары саналат)

? Мыкты коммуникативдүү ыкмаларынын болушу

?Тажрыйбалуу пайдалануучунун деңгээлинде

MS Office (Word, Excel, Power Point, Outlook) пакеттерин билиши. «Стажер» белгиси коюлган резюмелерди:

e-mail: baitushum@baitushum.kg  дареги боюнча 2017-жылдын  25-октябрына чейин күтөбүз.