«Бай Түшүм» банкы ачык асман алдындагы классикалык музыканын «Tengri Music 2018» эл аралык фестивалынын өнөктөшү болуп чыкты

03.07.2018

1- июлда Түштүк дарбазадагы Жеңиш паркында, 19:00дө Бишкектин бардык жашоочуларынын жана меймандарынын сүймөнчүлүгүнө айланган ачык асман алдындагы классикалык музыканын «Tengri Music 2018» эл аралык фестивалы болуп өттү.

      «Бай Түшүм» банкы жыл сайын өтүүчү жайкы маданий салтты колдоп, иш-чаранын өнөктөшү катары чыкты.? Фестивалдын меймандары үчүн Чайковскийдин Бешинчи симфониясы жана башка классикалык чыгармалар Кыргызстандын, Орусиянын, Украинанын, Азербайджандын жана Өзбекстандын музыканттарынан  турган эл аралык симфониялык оркестрдин аткаруусунда  жаңырды. Фестивалга белгилүү аткаруучулар жана дирижерлор: солист, сопрано, «ЗОЛОТАЯ МАСКА» сыйлыгынын лауреаты Надежда Павлова, дирижерлор Валентин Урюпин, Нурмат Полотов жана  Орхан Гашимов катышышты.

      1- июлдун кечи дүйнөлүк классиканын шедеврлери менен сугарылган керемет кеч болду!