“Бай Түшүм” банкы KyrSEFF наамын берүү салтанаттында катышты

06.12.2018

Бүгүн “Бай Түшүм” банкы Hayatt Regencyде өткөн KyrSEFF наамын берүү салтанаттында катышты.
Марапатоо салтанатына эл аралык коомдун донорлору, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, финансылык жана жеке ишкерлер чөйрөсүндөгү адамдар, массалык малымат каражаттары жана жарандык коом адамдары катышты. Салтанат учурунда үлгүлүү жашылдандыруу долбоорлоруна сыйлыктар берилди. Талас областындагы банкыбыздын кардары Таласбаев Жаныбек “Энергия үнөөмдө боюнча эң жакшы инвестициялык долбоор” деп таанылды.

“Бай Түшүм” банкы биринчилерден болуп финансы базарында KFW, Kiva, IFC долбоорлору боюнча жашылдандыруу, органикалык айыл чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча иштерди колдоду. Эң ийгиликтүү долбоорлордун бири Кыргызстандагы туруктуу энергияны финансылоо (KyrSEFF) болуп эсептелет. KyrSEFF программасы менен болгон 5 жылдагы келишим алкагында банк 239 энергия тийимдүү, жалпы суммасы 2,5 АКШ доллары болгон долбоорлорун каржылаган. Жалпысынан 438 миң АКШ доллары болгон инвестициялык гранттар берилди.

Банк кардарларынын кызматкерлери жана KyrSEFF инженерлеринин кызматашуусунун жыйынтыгында үйлөрдө жана ишканаларга энергия үнөөмдө боюнча түрдүү керектүү кеңештер берилди жана курулушта максималдуу энергия үнөөмдө нормалары белгиленди. Банк жеке энергия үнөөмдө KyrSEFF долбоорлорун колдоп гана койбостон, аларды ишке ашыруу, жылуулук чарбачылыгына, коммерциялык жана ишкердик уюмдарга энергия үнөөмдө максатында насыяларды ыңгайлуу алууга болот.

Келечекте банк бул багыттагы каржылоону өлкөнүн бардык аймактарында улантат. Ал багыт өзүнө: экинчи жолу кайра сырьяну өңдөө, агро өнүмдү чыгаруу, күн панелдерин орнотуу жана тазалоо орноткучтарын киргизүүнү камтыйт. Электр аркылуу жүргөн унааларды жана газ чыгарууну азайтуу максаттарындагы колдонмолорду каржылоону улантат жана өнүктүрөт.