«Бай Түшүм» банкы жана балдардын биринчи хосписи Ноорузду бирге тосууга баарыңарды чакырат!

13.03.2018

18-мартта саат 11:00дөн баштап,18:00гө чейин сиздер үчүн кооз жасалгаланган иш-чара болуп өтөт. Сиздерди кайрымдуулук жарманкеси, майрамдык концерт,  кызыктуу оюндар жана даамдуу татымдар күтөт.

Мындан тышкары, 17-мартта, саат 19:00дө биз сиздерди майрамдын негизги сый тамагы болгон – сүмөлөк даярдоонун байыркы аземине катышууга чакырабыз!

Дареги: Жаш Гвардия пр. 71а. Байланыш номуру: +996 559 647 457.