«Бай Түшүм» банкы Айыл-чарба соода-инвестициялык форумуна катышууда

18.06.2018

Бул күндөрү Форум «Асанбай борборунда» өтүп жатат.  Иш-чаранын уюштуруучусу –  АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча Агентствосу (USAID).

Форумдун  программасы боюнча айыл чарба азыктарынын жана банктардын долбоорлорунун көргөзмөсү коюлган, бизнес-жолугушуулардын жүрүшүндө тегерек үстөл маектешүүлөрү,тажрыйба жана пикир алмашуулар борууда. Уюштуруучулар өз меймандарын «Бай Түшүм» банкы активдүү   катышуучусу болгон «Агро горизонт» долбоорунун натыйжалары менен тааныштырууда.

Биз өндүрүштүк-сатып өткөрүү чынжырчасы боюнча Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы кайра иштетүүчү алты заводду жалпы суммасы 56 млн сомго каржыладык.  Долбоордун алкагында сүттү, этти кайрадан иштетүү жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк багытында  жалпысынан 12 кошумча нарк чынжырчасы ишке киргизилди. Биз «Агро горизонт» долбоору менен кызматташ болгонубузга  жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн өнүгүүсүнө салым кошо алгандыгыбызга кубанычтабыз.