«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы Банкы Европанын Реконсрукциялоо жана Өнүктүрүү Банкынан (ЕРӨБ) жалпы суммасы 4 млн. АКШ долларын чакан жана орто ишканаларды каржылоого алды

09.11.2012

Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишканалар менен ишкерлер тарабынан өсүп жаткан сурамга жооп катары ЕРӨБ жергиликтүү валютада каржылоого «Бай-Түшүм жана Партнерлор» ЖАК микрофинансы банкына жаңы насыяларды бөлүп берүүдө.

Жергиликтүү валютадагы жалпы суммасы 4 миллион АКШ доллары болгон насыя, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» ЖАКы тарабынан Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишканаларды (ЧОИ) кезеги менен каржылоого колдонулат.

ЕРӨБ Президенти сер Сума Чакрабарти (Sir Suma Chakrabarti) Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына биринчи жолу расмий визити менен келген учурда насыя макулдашуусуна кол коюлган.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» ЖАКы ЕРӨБ менен мурунтан эле кызматташып келет жана бүтүндөй өлкө боюнча чакан ишканаларды камтыйт. Бул банкка айланган Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансы компания болуп саналат.

««ЕРӨБ менен Бай-Түшүм жана Партнерлор» ЖАКынын ортосундагы алтынчы болуп жаткан жаңы насыя аркылуу, ЕРӨБ Кыргыз Республикасынын экономикасына маанилүү салым кошууну пландап жатат» деп, – сэр Сума (Sir Suma) кол коюу аземинде белгиледи. «Жергиликтүү валютада каржылоого сурам өсүүдө жана ЕРӨБ ушул сурамды канааттандырууга көмөк көрсөтүп жатканына куштар».

«Кыргыз Республикасы жергиликтүү валютадагы каражаттарга катуу муктаж болгон шартта, каржылоону орточо мөөнөт менен жергиликтүү валютада берип жаткан ЕРӨБ тарабынан көрсөтүлгөн жардамды биз жогору баалайбыз» деп, – «Бай-Түшүм жана Партнерлор» ЖАКы МФБнын башкы менеджери Гульнара Шамшиева белгиледи». – «Берилген насыядагы каражаттарды биз, Бай-«Түшүм жана Партнерлор» ЖАКы тарабынан насыялоонун чоң тажрыйбасына ээ болгон айыл-чарба секторундагы ишканаларды ичине кошуу менен Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттайбыз».

ЕРӨБ өзүнүн инвестицияларын ишке ашырып келген өлкөлөрдө зайымчылардын валюталык тобокелдигин төмөндөтүү үчүн, насыялоону жергиликтүү валютада каржылоо ЕРӨБ стратегиясында маанилүү ролду ойнойт.

ЕРӨБ насыясы, ошондой эле, банк байкаларлык орун алган өлкөнүн түштүк аймактарындагы чакан жана орто ишканаларды (ЧОИ) насыялоо боюнча «Бай-Түшүм жана Партнерлор» ЖАКына өз операцияларын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Бул бүтүндөй өлкө боюнча чакан бизнестин андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөт жана экономикалык өнүгүүнүн негизги көйгөйүн чечүүгө жарам берет.

ЕРӨБ өзүнүн ишмердүүлүгүн баштагандан тартып, экономиканын ар башка секторундагы 88 долбоордун алкагында Кыргыз Республикасын 538 миллион АКШ долларына жакын инвестициялаган. ЕРӨБ ишмердүүлүгү жеке секторду, анын ичинде каржы секторун бекемдөө жана инфраструктураны өнүктүрүү менен катар, чакан жана орто ишканаларды (ЧОИ) колдоо аркылуу бекемдөөгө багытталган.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» ЖАКы микронасыя берүү базарында 12 жылдан ашык мезгилден бери иштеп келет. Бул мезгил ичинде 134 миңден ашык кыргызстандыктар 11,6 миллиард сомдон ашкан суммада насыя алышты. Бүгүнкү күндө компания Кыргызстандагы микрофинансы секторунда өлкө боюнча 63 кеңсеге ээ болгон ири уюмдардын бири болуп саналат.

2011-жылдын 15-июлунда «Бай-Түшүм жана Партнерлор» ЖАКы кыргыз микрофинансы уюмдарынын ичинен биринчилерден болуп депозиттик лицензияны алган компания болгон. 2012-жылдын 14-сентябрында улуттук жана чет элдик валютада банк операцияларын жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынан алдын алга макулдук алган Борбордук Азиядагы микрофинансы уюмдарынын ичинен биринчилерден болду. Ушундай жол менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен мамлекеттик катоодон өттү деген күбөлүктү алгандан кийин жана КРУБ менен Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тарабынан бекитилген талаптарды аткаргандан кийин, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» ЖАКы калкка банк кызматтарынын толук бойдон көрсөтүүнү баштай алат.

Эки өкмөт аралык институт менен 63 өлкө мүчө болгон ЕРӨБ, базар экономикасын өнүктүрүү менен демократияга колдоо көрсөтөт. Кошумча маалымат алуу үчүн web, Facebook жана Twitter сайтына кириңиз.