«Бай Түшүм» Банкы банктын POS-терминалдары орнотулган соода-сервистик ишканалардын арасындагы акциянын жеңүүчүлөрүн сыйлады

17.08.2016

Бүгүн «Бай Түшүм» Банкы банктын POS-терминалдары    орнотулган соода-сервистик ишканалардын арасындагы акциянын жеңүүчүлөрүн сыйлады. 2016-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейинки мезгилде POS-терминалдар аркылуу операциялардын максималдуу санын жана көлөмүн жүргүзүшкөн уюмдар —  «У Дома» дүкөнү менен «Гренки» Комплекси жеңүүчүлөрдөн болушту.  Банк жеңүүчүлөргө   2 500 сом калдыгы бар Visa Prepaid Electron карталарын тапшырды.  Бул Акция 30 сентябрга чейин улантылат жана биз жакында жаңы жеңүүчүлөрдұн аттарын атамакчыбыз.

«Бай Түшүм» Банкы дүкөндөргө, кафе-ресторандарга, оюн-зоок жайларына, аптекаларга, сулуулук салондоруна жана башка соода-сервистик ишканаларга товарлар жана тейлөөлөр үчүн төлөм жүргүзүүдө  VISA жана Элкарт төлөм карталарын тейлөө боюнча макулдашуу түзүүнү сунуш кылат.

подарок виза

Соода эквайринги тармагында биздин өнөктөш болуу менен  Сиздер төмөндөгүдөй бир катар артыкчылыктарга ээ болосуздар:

∙  накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча кабыл алынган мыйзамга ылайык,  НСП салыгы боюнча – 2 % жеңилдик;

∙ Кардарлар-пластикалык карталарды кармоочуларды тартуунун эсебинен товар жүгүртүүнү көбөйтүү  (18-23%). Карта аркылуу төлөм жүргүзүүдө, адамдар накталай акча каражаты менен чектелбегендиктерине байланыштуу, көбүрөөк чыгымдашат, кымбатыраак товарларды тандашат жана баш-аламан сатып алууларды жүргүзүүгө да ыктуу болушат;

∙ Тейлөө убактысынын кыскарышы жана  инкассацияга кетүүчү чыгымдардын азайышы;

∙ Товарлар жана тейлөөлөр үчүн накталай эмес төлөмдөргө сатуудан кармалуучу салык салынбайт;

∙ Финансылык чыгымдардын тобокелдигинин жана персоналдар кетирүүчү катачылыктардын  азайышы- –   Коопсуздук — жасалма купюрларды кабыл алуу , же соода жайларында акчаны жоготуп алуу, уурдатып жиберүү  тобокелдиги азаят;

∙ Кардарларга төлөм формасын тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүнүн жана  «Бай Түшүм» Банкы менен кызматташуунун аркасында Сиздин уюмуңузга болгон кардарлардын Ишеними жана Лоялдуу мамилеси;

∙  РКО боюнча жеңилдетилген тарифтер.

ЖАК «Бай Түшүм» Банкы менен кызматташуу жөнүндө Макулдашуу түзүү менен Сиздер төмөндөгүлөрдү аласыздар:

∙ Заманбап жана  мобилдүү POS-терминалдарды;

∙ Магнит тилкелүү жана чиптүү VISA и Элкарт карталарын кабыл алуунун мүмкүнчүлүгү;

∙ Сиздин уюмдун персоналдарын POS-терминалдар менен иштөөгө акысыз окутуу;

∙Соода-сервистик ишканалар үчүн ийкемдүү тарифтер жана жеңилдиктердин тармагы.

Банктын өнөктөшү болуу үчүн бар болгону 4 гана кадам керек:

∙ 1-кадам: ЖАК «Бай Түшүм» Банкында эсептешүү эсебин ачуу;

∙  2-кадам: Соода эквайринги боюнча макулдашуу түзүү;

∙  3-кадам:  Кассада POS-терминалын орнотуу;

∙  4-кадам: Кызматкерлерди терминал менен иштөөгө кыска мөөнөткө окутуу.